Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ «ТҮНДҮК ЭЛЕКТР» ИШКАНАСЫН КӨП ЖЫЛГА ИЖАРАГА БЕРҮҮ СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын ишке ашыруу тууралуу мамлекеттик программаны талкуулады. Аталган программада "Түндүк электр" ишканасын узак мөөнөткө ижарага берүү сунушталды. Талкуу учурунда көпчүлүк депуттар электр тармагын менчиктештирүүгө каршы пикирин билдиришип, маселени күздө кароо тууралуу токтом кабыл алынды.

Энергетикка тамагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу депутаттарга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков маалымат берди. Анын айтымына караганда, үстүбүздөгү жылы “Жалалабад электр”, “Теплосет”, “Улуттук электр сет” ишканалары пайда ал эми “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Чыгыш электр” ишканалары мамлекетке ири суммада зыян алып келди. Ошондой эле ал соңку жылдары өлкөнүн энергетика тарамагынын дебитордук карызы алты миллиард сомго жеткендигин жана электр тармагындагы жабдуулар эскиргендигин айтып, мындай абалдан чыгуу үчүн «Түндүк электр» бөлүштүрүүчү ишканасын узак мөөнөткө ижарага берүүнү сунуштады. Жээнбековдун айтымында аталган ишкананы узак мөөнөткө ижарага берүү өлкөгө төмөндөгүдөй пайда алып келет:

- Мамлекет мурдагыдай болуп ижарага алган атуулдун ишине кийлигише албайт. Салыктар убагында төлөнөт, ивестиция тарта алабыз. Менежментти оңдой алабыз. Өлкөгө ушуга окшогон пайда болот.

Равшан Жээнбековдун электр тармагын менчиктештирүүнүн зарылчылыгы боюнча жогорудагыдай пикири депутаттарды ынандыра алган жок. Негедир бул жолу электр тармагын менчиктештирүүгө оппозициячыл депутаттар менен катар айрым өкмөтчүл маанайдагы депутаттар да каршы болушту. Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Абсамат Масалиев, Махмуд Күчүков жана башка депутаттар кыргыз өкмөтүнөн Түндүк электр ишканасын менчиктештирүүдөн мурда, электр тамагын менчиктештирүүнүн биринчи, экинчи, үчүнчү этабынын жыйынтыгы жана аталган тармакты менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу атайын отчетту талап кылышты. Ал эми депутат Орозбек Дүйшеев энергетикка тармагы Кыргызстандын эң кирешелүү тармак экендигин айтып, аны менчиктештирүүгө каршы пикирин билдирди:

- 1996-жылы бул тармактан өлкө казнасына 266 миллион сом таза киреше түшкөн. Ал эми 1997-жылы жылдын аягында 280 миллион сом, 2001-жылы 927 миллион сом таза киреше алганбыз. Демек бул өзүн-өзү актаган тармак экендигине ачык далил. Ошондуктан, мындай эң кирешелүү тармакты бирөөгө менчикке берүү туура эмес, - деди Орозбек Дүйшеев.

Ал эми Адахан Мадумаров электр тармагын узак мөөнөткө ижарага берүү коңшулаш Казакстанда жакшы натыйжа алып келбегендигин айтып, өкмөт сунушуна каршы болду:

- "Тездетип жеке менчикке бере салсак эле бул тармак жакшы иштеп кетет" деген, курулай сөз, жөө жомок. Аткаруу бийлигинин мындай пикирин биз буга чейин көрүп, угуп келе жатабыз. Бизде учурда сатылбаган жол, электр тармагы эле калды. Жакында бийлик алмашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, бийлик өкүлдөрү шайлоого чейин ээленбеген жерлерди ээлеп, сатылбаган жерди сатып калуу аракетин жасоодо. Анткени бул тармак чыгашалуу болуп жатат дегенге эч ким ишенбейт, - деди Адахан Мадумаров.

Жыйын соңунда маселени кароону күзгө калтыруу, энергетикка тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын токтотуу жана маселени палатанын күн тартибинен алып салуу деген үч түрдүү сунуш түштү. Көпчүлүк добуш менен маселени кароону күзгө калтыруу тууралуу токтом кабыл алынды.
XS
SM
MD
LG