Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Жекшембиде, июндун 27синде, Монголияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын алдын-ала айтылган жыйынтыгына караганда, бийликтеги Монголия Элдик Революциячыл партиясы өздөрүнө оппозиция болгон демократтар менен тең чыгып, ар бири парламенттеги 76 орундун 36сын ээлеп калышты. Эми калган төрт орунду ээлеген көз каранды эмес депутаттар ким жакка оосо, ошол жак өкмөт куруп калмакчы. Жалпысынан, бул шайлоо Монголияда демократиялык система бир кыйла калыптанып калганын айгинеледи.

Монголияны 2000-жылдан бери бийлеп жаткан Монголия Элдик Революциячыл партиясы (МЭРП) азыр мурдагыдай марксисттик нукту эмес, чордончул-солчул (лейбористтик) нукту тутат жана Социалисттик Интернационалга да мүчөлүккө өткөн. Бир чети, партия базар экономикасын, менчиктин ар түрдүүлүгүн жактайт. Экинчи чети, социалдык теңдик идеяларына да каршы эмес. Партияны мындан төрт жыл илгери шайлоочулар өзгөчө колдоп, парламенттеги 76 орундун 72син МЭРП ээлеген.

Арийне, июндун 27синдеги парламенттик шайлоо өлкөнүн саясий турмушуна күтүлбөгөн жандануу киргизгенсиди. Ройтерс кабар агенттигинин дүйшөмбүдөгү соңку маалыматына караганда, Монголиянын Шайлоо комиссиясы буга чейин бийликте болуп келген партия менен ага оппозицияда болгон демократиялык коалиция шайлоодо теңме-тең чыкканын тастыктады. Оппозициялык коалиция да, МЭРП да 36дан депутаттык орунга жетишкен. Ал эми калган төрт орундун ээлери бул эки партиянын кайсы-бирин жактаса, дал ошол партия өкмөт курууга мүмкүнчүлүк ала алмакчы.

Баарынан кызыгы, өзүн Доктор деп тааныштырган бир монгол айым бул эки негизги атаандаш партияга тең канааттанаарын жекшембиде шайлоо өтүп жаткан маалда мындайча белгилеген:

- Бул оппозициядагы демократтар дурус жана акылдуу иш-аракет жүргүзүүдө. Алар, негизинен, колунан иш келчү, жаш муундун өкүлдөрү. Бирок ошол эле учурда Монголия Элдик Революциячыл партиясы жөнүндө деле жаман сөз айта албайбыз. Булар да бир канча жакшы ишти аткарып келишти. Алардын да тилеги дурус. Эки партияда тең акылы тетик адамдар бар. Менимче, булардын баары тең Улуу Хуралга мүчө болуп калса, анда мыкты болоор эле. Анткени эки айкөл баарлашса, анда эки жакшы көз караш чыгат эмеспи. Өлкө үчүн мындан пайдалуу эмне бар!

Албетте, шайлоо телегейи тегиз өттү деп айтуу кыйын. Айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө добуш берүүчүлөрдү өзүнө тартуу үчүн кээ бир талапкерлер арак-шарап таркаткан учурлар болгону кабардалууда. Маселен, МЭРПнын жетекчиси, учурдагы премьер-министр Намбарын Энхбайардын кеңешчиси Тялиң Халбарцма демократтарга карата ушундай сыны менен бөлүштү. «Эгерде 25 күн ичинде жаңы өкмөт куралбаса, анда парламенттик шайлоо кайра өткөрүлүүгө тийиш», - дейт Халбарцма.

Ал эми шайлоо жыйынтыгы үчүн кубанычы койнуна сыйбаган демократтар өздөрүнө карата айтылган доолорду четке кагып, эч бурмалоолор болбогонун, өкмөт да учурунда түзүлөөрүн билдиришүүдө. Мурда премьер-министр кызматын аркалаган саясатчы, демократ Энхсайхандын сөзүнө караганда, жеңилип калганын туюп чочулаган МЭРПчилер, албетте, кайра шайлоо өткөрүү үчүн шылтоо табууга ынтызар.

Азыркы оппозициядагы партиялардын ынтымагы – Демократиялык Биримдик Коалициясы 1996-жылдан 2000-жылга чейин өкмөттү башкарып турган. Бул коалицияга Монголия Демократиялык партиясы, Монголиянын Жаңы Демократиялык Социалисттик партиясы жана Атуулдук Каармандык Республикачыл партиясы мүчө.

Жайыт талаалары кеңирсиген бул ички азиялык ири өлкөдө болгону 2 миллион 750 миңдей киши байырлайт. Калктын 85 пайызын халха жана башка монгол тилдүү элдер, калганын казак, тыва сыяктуу түрк элдери, тунгус тилдүү жана башка улуттук азчылыктар түзөт. Экономика былтыр 5 пайызга өскөнү, канадалык компания алтын кенин иштетүү максатында 75 миллион доллардык инвестициялык салымын кошо баштаганы, эл аралык туризм 15 пайызга өскөнү – өзүн лейборист катары тааныткысы келген Энхбайар мырзанын өкмөтүнүн реформаларынын дурус натыйжаларынан деп бааланууда. Бирок өкмөт жакырчылыкты жоюу жаатында өз убадасын аткара алган жок. Жумушсуздардын саны да анча азайган жок. Басма сөз эркиндиги жаатында да сындар болду.

Дегиңкиси, монгол шайлоочулары бир партиянын өкүлдөрү парламентте басымдуу көпчүлүктү түзгөнү дурус эмес деп санашты көрүнөт. Эми кайсы партия өкмөттү түзүүгө жетишсе да, алдыдагы төрт жыл бою Улуу Хурал - парламент - өкмөттөн чындап көз каранды эмес болчудай.
XS
SM
MD
LG