Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте троллейбустар токтойбу?


БИШКЕК. 29-июндан тартып Бишкек мэриясынын троллейбус башкармалыгына электр кубатын берүү токтотулат. Бул башкармалыктын «Түндүкэлектрого» 3 миллион сом карызына байланыштуу көрүлгөн чара болмокчу. Бул тууралуу бүгүн акционердик коомдон кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, карызды жоюу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин эч кандай натыйжа берген жок. Бишкек троллейбус башкармалыгынын башкы инженери Владимир Устьянцевдин маалымдоосуна караганда, троллейбус паркы негизинен ар кандай жеңилдиктер берилген жарандарды, анын ичинде пенсионерлерди тейлегендиктен, электр энергиясы үчүн акыны төлөөгө жөндөмсүз болуп калууда. Ошондуктан, мэрия «Түндүкэлектро» менен эсептешип, жетпеген сумманы төлөп бериш керек эле. Эгерде 29-июнда электр кубатын берүү токтотулса, 120 троллейбус жолго чыкпай калат. Андан пенсионерлер жабыр тартат, деп белгиледи Владимир Устьянцев.

XS
SM
MD
LG