Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕР


Кошмо Штаттары Ирактын жаңы өкмөтүнө өлкөдөгү бийликти мурда мерчемделгенден эки күн илгери өткөрүп берди. Ирактык лидерлер өлкөнү эми америкалык убактылуу администрациясыз өздөрү башкара баштайт. Эркиндик Иракка тынчтык алып келеби же жаатыштыкты дагы курчутабы?

Саддамдан соңку күнкорсуз Ирактын жетекчилиги астында тез кийлигишүүнү талап кылган “толгон токой” маселелер турат. Биздин радиоунун талдоочусу Чарлз Рекнэглдин айтышынча, алардын эң биринчиси өкмөт мүчөлөрүнүн өмүрүн коргоо. Бир апта илгери эле адаватчы топтордун бири өкмөт башчы Аяд Алавини АКШ дайындаган мурдакы башкаруучу кеңештин экс-мүчөсү Изедин Салим сыңары “каныңды төгөбүз” деп коркутушкан. Козголоңчулар жарыялаган үнтасмада:

- Алави, кечиресиз, демократиялуу жол менен шайланган премьер-министр, биз сизге пайдалуу ууну жана курч кылычты таап койдук...Биз сизди өлтүрөлү деген ниетибизге акыр аягында жетебиз. Сизге Изедин Салимдин чөйчөгүнөн (уу) ичирмейинче жаныбыз тынбайт.

Бул “ал-Каида” менен байланышта деп шектелген Абу Муса ал- Заркави үнү болушу ыктымал деп болжолдонууда. Ал- Заркавинин жигиттери менен башка уюмдардын жаңы өкмөткө каршылык көрсөтүүсү тез арада токтооруна байкоочулар ишишпейт.
Муну Ирактын жаңы жетекчилиги да билет. Убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин дүйшөмбү күнү өз өкмөтүнүн милдеттери тууралуу буларды билдирди:

- Бүгүн (өкмөттүн) алдыбызда террорчулар, кылмышкерлер, саддамчылар, антидемократтык күчтөр менен күрөшүү милдети турганын билебиз.

Зебари өлкөнү башкаруу жеңил болбосун да мойнуна алды:

- Биз өз өлкөбүздү бийлөөгө жана анын коопсуздугун камсыздоого үйрөнөбүз. Бул биздин алдыбыздагы өтө олуттуу сыноо.

Көпчүлүк талдоочулар Ирактын жаңы өкмөтү ич ара жааташтыкты да унутушу шарт экенин айтышат. Анткени , өкмөттүн курамындагы түрдүү партиялар буга дейре кызматташкандан көрө көбүрөөк каршылашып келишкен жана АКШ башындагы коалициялык администрациянын жетеги астында иштешкен болсо, бүгүндөн тарта алардын саясый талаш-тартышына эч ким ортомчу болбойт.
Лондондук эксперт Абдел Сайеб Хакимдин айтымында, ирактыктарга бийликти бөлүшкөндү да үйрөнүү керек:

- Ирактын тарыхында мындай тажрыйба жок. Мурда бардык өкмөтттөрдү диктаторлор бийлеген жана Ирак эли өлкө эми эгемен болгондон кийин падыша Фэйсал 2нин доорунда гана демократиянын эң жөнөкөй формасын баштан кечирген.


Үстүбүздөгү айда Улуттар Уюмунун Иракты бүтүн бир мамлекет деп таанып, күрттөрдү мурдакыдай эле автономия катары калтыруусуна нааразы болгон айрым күрт партиялары Алавинин убактылуу өкмөтү менен кызматташууга ынтызар эмес.
Күрттөр жашаган аймактын азыркы статусу мурдакы Америкалык бийлик бекиткен Убактылуу административдик мыйзам боюнча аныкталган.
Күртистан демократтык партиясынын өкүлү Фараж ал-Хайдари ал мыйзам тууралуу:

- Бул административдик мыйзам аткарылышы шарт. Мыйзам аткарылса, биз өз көздөгөнүбүзгө жетебиз. Ал эгер аткарылбаса жана кийинге калтырылса, биз азыркыдан да башка чараларга барабыз.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Аяд Алавинин айтышынча, ал жетектеген өкмөткө чукул арада министрликтердин вазийпаларын жана бийлик укуктарын аныктап бүтүү да зарыл:

- ...өз букараларыбызды коргошубуз зарыл экенин танбайбыз. Биз түрдүү министрликтерге бийлик укуктарын кайтарып беребиз. Бир нече күн мурда 11 министрге бийлик өткөрүлүп берилди, дагы 11 министр калды.

XS
SM
MD
LG