Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

ИРАКТАГЫ БИЙЛИК УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТКӨ ӨТТҮ, АГА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДА КАЙДИГЕР ЭМЕС


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Дүйшөмбү күнү белгиленген мөөнөттөн 2 күн эрте АКШ жетектеген коалицалиялык күчтөр Ирактын убактылуу өкмөтүнүнүн премьер-министри Ийад Алавиге бийлик ыйгарымын толук өткөрүп берди. Алави бул күндү тарыхта калат турган күн болоорун белгиледи. Бул окуяга кыргызстандыктар да кайдигер болбой өз пикирлерин ачык билдиришүүдө.

Чындыгында бул окуя Ирак үчүн да дүйнө коомчулугу үчүн да тарыхта кала турган күн болду. Иракка байланыштуу соңку окуяларга кыргызстандыктар да зор ынтаа менен көңүл буруп келген. АКШ жетектеген коалицалиялык күчтөр Ирактын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Ийад Алавиге бийлик ыйгарымын толук өткөрүп бергени тууралуу кабар кыргызстандыктарга толук таркай электигине карабай, бул маалыматты уккан адистер менен саясатчылар өз ойлорун ачык билдирип жатты. 30-июнду күтпөй эле бийликти дароо өткөрүп берүүнүн оң жактарын Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы мындай деди:

- Эми бүт эле ислам мамлекеттери Иракка окшогон, андан башка ислам мамлекети болбосо да ар ким өз алдынча эркин жашаса туура болот эле деген ишеничтемин.

Ирактыктарга бийликтин өткөрүлүп берилишин “Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов да колдоп чыкты.

- Мына күбө болуп жатабыз 30-июнь боло электе эле бүгүн мына ушундай кабар келди. Албетте бул окуяга менин пикирим түз. Албетте ирактыктар тез аранын ичинде өз мамлекетин демократиялык негизде курууда ийгиликке жетишип бүт чет өлкөлүк аскерлер 2-3 жылдын ичинде толугу менен кайра үйлөрүнө кайтышын каалайм.

Ал эми Президенттик админстрациянын Эл аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Туратбек Жунушалиев азырынча эч нерсе айталбасын билдирди.

- Эми мен билем, бирок эми менде документтер жок. Ошондуктан ал маселени мен айталбайм.

Бишкек гуманитардык университеттин Чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Таласбек Машрапов Ирак мамлекети толук кандуу бийликке ээ болгуча дүйнө коомчулугунун жардамына муктаж деп эсептейт.

- Мына бүгүнкү күндөн баштап Ирак мамлекетиндеги бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп жатат. Бул азыркы глобалдашуу шартында ар бир мамлекеттин улуттук өнүгүү шартында туура, абдан жакшы нерсе. Менин оюмча Ирак мамлекети толук кандуу башкарууну өз колуна алуу үчүн дале болсо дүйнөлүк коомчулуктун жардамы керек.

Ал эми араб таануучу, кезегинде Иракта жашап, иштеп келген Валимжан Таңырыков өлкө тынч турмушка толук өтүү үчүн 10-15 жыл керектигин, ошондой эле Иракта ички күчтөрдүн ортосунда карама-каршылыктар күчөөрүн белгиледи.

- Менин оюмча убакыттан мурун Американын Ирак убактылуу өкмөтүнө бийликти бериши бул америкалыктар менен ошондой эле алар менен кошо иракты кармап турган мамлекеттердин күчүнүн кеткендиги болуп эсептелет. Бийликти ачык элдин алдында жарыя бере албай, жабык Ак сарайдын өзүндө бергени ушул Американын жана анын союздаштарынын начардыгы. Бул биринчи. Экинчиден Ирактагы убактылуу өкмөткө бийликти өткөрүп берүү Ирактагы кырдаалды курчутат. Себеби экстремисттер, террористтер бийлик үчүн өзүнүн чабуулун күчөтөт. Өлкөдө тынчтык орноп, кырдаал өз калыбына келиши узакка созулуп кетиши мүмкүн, 10-15 жылга, - дейт Валимжан Таңырыков.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG