Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

МАГАТЭ Сибирде уулуу калдыктар үчүн көрүстөн салат


Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Орусияда уулуу калдыктарды көмүүчү көрүстөн салганы калды. Бул көрүстөндө дүйнө жүзүнөн чогулган уулуу калдыктар көмүлөт. Бул тууралуу МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед Эл-Барадей Москвадагы эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча мындай коркунучтуу калдыктарды бир жерге чогултуу террордук чабуулдардан сактайт. Орусия өкмөт башчысы Михаил Фрадковдун айтымында, буга өлкөнүн мыйзамдары жол берет. Баса, уулуу калдыктарды сактоочу атайын жайды Сибирде казуу чечими кабыл алынды. Эскерте кетели, мындай көрүстөн дүйнөдө эч бир жерде жок болчу.

XS
SM
MD
LG