Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Сербияны батышчыл саясатчы башкарат


Кечээки шайлоодо 53 пайыз добуш алган Борис Тадич Сербиянын президенти болду. Анын аттандашы Томислав Николич 45 пайыз менен утулду. Демократиялык партияны жетектеген Борис Тадич Сербиянын Евробиримдикке кошулушу жана НАТОго мүчө болушу үчүн күрөшөрүн билдирди:

- Бул шайлоо Сербиянын жаңы саясий баалуулуктарынын алкагында абдан маанилүү деп ишенем. Мен европалык нуктагы талакер болчумун, демек мен биздин өлкөдөгү жаңы баалуулуктар үчүн күрөшөм, - деди Борис Тадич.

Европа биримдиги бүгүн Сербиянын жаңы президенти менен кызматташууга дилгирдигин билдирди. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук комитетин жетектеген Хавийер Солананын айтымында, Сербиянын эли өз өлкөсүнүн келечегин Европа менен бирдикте элестетерин даана көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG