Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кашмирге жол табылды


Индия менен Пакистандын Кашмир аймагы боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү соңуна чыкты. Он жылдан бери чекит коюлбай келаткан бул талаш аймак боюнча маселеде эки тарап тең канааттанганын билдиришти. Пакистандын Тышкы иштер министри Рийаз Хохар эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин “бүгүн мен канааттандым” деп билдирди. Пакситан минитсрлигинин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана жагымдуу маанайда өтүү менен алдыга кадам ташталды. Индиянын Тышкы иштер министри Натвар Синк да сүйлөшүүнү позитивдүү катары сүрөттөдү. Эскерте кетели, эки мамлекет негизинен мусулман калктуу Кашмир аймагынын индиялык бөлүгүн көптөгөн жылдардан бери талашып келишет.

XS
SM
MD
LG