Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

НАТО Иракка жардам берет


Түркияда бүгүн 26 мамлекет катышкан НАТОнун 17- саммити башталды. Эки күндүк саммиттин башкы темасы Иракта жана Ооганстанда туруктуулукту камсыз кылуу көйгөйлөрү болууда.
НАТОнун башкы катчысы Йаап де Хооп Схеффер саммитти ачып жатып мындай деди:
- Биздин бүгүнкү чечимдер жаңы НАТОнун калыптанышын андан ары улантууга мүмкүндүк берет жана анын жаңы ролдорун толук кандуу ойнооруна кепил болмокчу. Биздин бүгүнкү чечимдер эл аралык коомчулукта коопсуздукту мындан да дурус камсыз кылууда НАТонун саясий жана аскерий куралдары жетиштүү экениндигинин жана колубуздагы каражаттар биз көздөгөн мүдөөлөргө бап келеринин кепилдиги болмокчу, - деди НАТОнун башкы катчысы.

Стамбулдагы саммитте Ирактын өткөөл өкмөтүнө коопсуздукту камсыз кылууда жардам берүү, Ирак армиясын окутуу жана чыңдоо чечими кабыл алынды. Ошондой эле шайлоолор алдында туруктуулукту сакташ үчүн Ооганстанда НАТОнун куралдуу күчтөрүн көбөйтүү чечими да кабыл алынды. Бул саммитте Орусия менен Грузиянын мамилелери тууралуу сөз козголушу да күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG