Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

СЕРБИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ РЕФОРМАТОР БОРИС ТАДИЧ ШАЙЛАНДЫ


Азиза Турдуева, Прага Сербияда өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн Демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн талапкер, батыштын үлгүсүндөгү реформаларды жүргүзүүгө ниеттенген Борис Тадич өзүнүн улутчул идеяларды карманган атаандашы Томислав Николичти жеңип чыкты. Тадичтин тарапкерлеринин пикиринде, президенттик шайлоодо анын жеңиши бул балкан өлкөсү Еропа Биримдигине багыт алгандыгын тастыктады. Бирок, саясий аналитиктер Сербияда демократиялык реформалардын ийгиликтүү жүргүзүлүшү жаңы президенттин жана Воислав Коштуницанын жетекчилигиндеги өкмөттүн ортосундагы кызматташуу деңгээлине да жараша болот дешет.

Сербиянын “Акыйкат жана көз карандысыз шайлоо” борборунун маалыматтары боюнча Борис Тадичти шайлоочулардын 53,7 пайзы, башкача айтканда 1 млн 700 миң шайлоочу колдоду. Ал эми анын атаандашы Томислав Николичке шайлоочулардын 45 пайзы өз добуштарын беришти. Улутчул Томислав Николич Сербиянын радикалдуу партиясынан көрсөтүлгөн талапкер болгон. Мындан эки апта мурда Тадич жана Николич президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыгышкан. Борис Тадич 2000-жылы Слободан Милошевичтин режимин кулатууга олуттуу жардам көрсөткөн өлкөдөгү реформатордук кыймылынын өкүлү. Ал шайлоодо утуп чыккандан кийин:

- Мен чынгыдыгында эле, бул шайлоо Сербиядагы жаңы саясий баалуулуктардын калыптанышы үчүн өтө маанилүү болду деп ойлойм. Мен Европага ылым санаган талапкермин. Бул мен жаңы саясий баалуулуктарды колдоорумду түшүндүрөт, - деди жаңыдан шайланган Сербиянын президенти Борис Тадич.

Аналитиктер белгилешкендей, Тадичтин жеңиши өлкөдө төрт жыл мурда Слободан Милошевич бийликтен кетирилгенден кийин башталган реформаларды улантууга мүмкүнчүлүк берет. Сербиялык серепчилер болсо, Европага багытталган реформалардын ийгилиги Тадич менен өкмөттүн башында турган Коштуницанын кандайча тил табышып, кызматташып кетишине да байланыштуу болот деген көз караштарын айтышууда.

Белграддык саясий аналитик Жорже Вукадинович бул маселеге байланыштуу мындай дейт:

- Менин ишенимимде, Тадич жана Демократиялык партия өзүнүн жеңишинин артынан эле, өлкөдө парламенттик шайлоолорду мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө үндөө сыяктуу кадамдарга барбайт. Биз Сербияга күчтүү президент келеби же, алсыз президент келеби деп түйшөлгөнбүз. Мен азыр айтаар элем, ортозар күчтүү президентке ээ болдук деп. Бирок, Коштуницанын өкмөтү алсызыраак, - дейт белграддык аналитик.

Белграддагы коомдук илимдер Институтунун директору Владимир Гоати да, Тадич мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү демилгеси менен чыкпайт деп ишенет:

- Мен буга чейин Тадичтин өзү айткандарынын жага ага карата айтылган саясий мүнөздөмөлөргө негизденип, ал мөөнөтөнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү талабын койбойт деп ишенем. Менин пикиримде, мындай толеранттуулук - Сербиянын саясий системасындагы жаңы көрүнүш, - дейт аналитик Гоати.

Сербиянын Демократиялык партиясынын өкүлү Небожса Бакарес белгелегендей, Тадич да, Коштуница да, кызматташабыз деп билдиришти.
Айрым серепчилер белгилешкендей, Тадичтин жеңиши бир четинен аны өлкөдөгү аз сандуу улуттардын колдоосуна да байланыштуу болду.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Тадич мындай деген эле:

- Сербиянын президенти ким болушу – бул биздин атуулдардын гана чечимине байланыштуу. Мен кандайдыр бир этникалык ажырымдар боюнча атуулдарды бөлбөйм, - деди Тадич.

Буга чейин Сербияда 3 ирет президенттик шайлоо болуп, үчөө тең, шайлоочулардын катышуу деңгээлинин төмөндүгүнөн, мыйзамсыз деп табылган. Анткени, Конституцияга ылайык, шайлоого электораттын 50 пайздан кем эмес бөлүгү катышышы тийиш эле. Буга байланыштуу өлкөнүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоого электораттын 50 пайызынын катышуусу каралган талап алынып салынган.

XS
SM
MD
LG