Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ «ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМДЫ БИРИНЧИ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ


Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Палата мыйзамды талкуулоодо өкмөт курамы менен анын тутуму жөнүндөгү маселени дыкат талкуулап, өкмөттүн айрым сунуштарын четке какты.

Эл Өкүлдөр палатасы «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды талкуулоо учурунда өкмөттүн курамы,тутуму жана аны түзүү жөнүндөгү маселеге катуу көңүл буруп, бул сөздөрдүн маанисин так түшүнүү үчүн орустун тилчи окумуштуусу Сергей Ожеговдун түшүндүрмө сөздүгүнө чейин кайрылышты. Акырында өкмөттүн курамы – бул өкмөттү түзүп турган министрлик, мекемелер, ал эми тутумун өкмөттүн мүчөсү болгон кызматкерлер түзөт деген бүтүмгө келишти. Бул жерде өкмөттүн курамында жок, бирок министр, вице-премьер министр даражасы берилген кызматкерлер жана аларды дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү маселе талаш жаратты. Ал тууралуу мыйзам боюнча маалымат берип жаткан биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Вице-премьер министрлер мамлекеттер аралык органдарда координациялык иш жүргүзүп, биздин мамлекеттин өкүлү болгондуктан, аларга ушундай статус берилет. Бирок, алар өкмөттүн мүчөлөрү эмес.

Вице-премьер министрдин ушундай түшүндүрмөсүнөн кийин вице-премьер даражасындагы кызматкерлер өкмөттүн тутумуна кирбейт, аларга мындай укук эл аралык уюмдарда өкмөттүн өкүлү катары кызмат кылгандыктан аброй үчүн гана берилет деген сунушка палата макул болду.

Андан кийинки талашты мыйзамдын өкмөт мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү жетинчи жана ага ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү тогузунчу берене жаратты. Депутаттар мыйзамдагы «өкмөт мүчөлөрүнө макулдук жалпы берилет» деген жобого дароо каршы болушуп, ар бир министрге макулдукту өз-өзүнчө берүү зарылдыгын билдиришти. Өкмөттүн өкүлү болсо бул жобо «Конституцияда кандай жазылса мыйзамга да ошондой жазылды» деп, жалпы тизме менен макулдук берүү жобосунун кабыл алынышын өтүндү. Бир саатка жакын талаштан кийин депутат Каныбек Иманалиевдин:

- Конституцияда кандай көрсөтүлсө биз мыйзамда так ошондой жазууга милдеттүүбүз. Анан жалпы тизме менен макулдук берүү деген сөздү жоюушубуз керек. Өкмөттүн толук тутумуна макулдук берүү дегендин өзү логикага туура келбейт. Маселен, өкмөттүн тутумунда 10 адам болсо, анын экөө адам же кызматкер катары мага жакпай калса, анда мен кандай добуш беришим керек?Ошон үчүн мыйзамга өкмөттүн ар бир мүчөсүнө макулдук өз-өзүнчө берилет деп жазышыбыз керек, - деген сунушу добушка коюлуп, ал депутаттардын 41 добушу менен кабыл алынды.

Андан кийинки катуу талашты өкмөткө ишеним көрсөтпөө нормасы жазылган тогузунчу берене пайда кылды. Депутаттар мыйзамдын «өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөн кезде өкмөттүн бүтүндөй тутуму кызматтан кетет» деген жобосуна каршы болушуп, ишин жөндөй албаган министирдин өзүнө ишеним көрсөтпөө зарылдыгын билдиришти жана мыйзамга ушундай жобону киргизүүнү талап кылышты. Ага биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев:

- Өкмөт коллективдүү орган. Анын мүчөлөрү өкмөттүн ишине бир-бирден эмес, жалпы жооп берет. Ошон ишеним көрсөтүлбөсө баарына толук көрсөтүлбөшү керек. Балким, сиздерге өкмөттүн бир мүчөсү жакпай калса же депутат берген тапшырманы бир министр ар кандай себептер менен аткарбай калса, сиздер ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүшүңүздөр толук мүмкүн, - деп каршы болду.

Палата ага макул болбой, министрдин ар бири өз-өзүнчө отчет берип, ишине өз алдынча жооп берсин деген жобону киргизүү зарыл деген оюнда бекем турду. Буга президент менен премьер-министр министрлерди дайындоого макулдук сураганда ар бирин өзүнчө сунуштап жатканын негиз кылышты. Ал тууралуу Эсенбек Назаралиев:

- Президенттин жардыгын карап көрсөңуздөр 10 министрди бир сунуштап, өзүңөр бөлүштүрүп алгыла деген жери жок да! Ал жол, билим берүү же башка министр деп конкреттүү көрсөтүп жатпайбы. Демек, алар конкреттүү жооп берүүгө милдеттүү. Баарын бирдей робот кылсаңыз дагы идеалдуу өкмөт болбойт. Бул жерде отчет бергенде ар бир министр өз ишине жооп берип, кылган кылмышы болсо өз мойну менен тартышы керек. Жакшы иштеген кызматкер эмне үчүн жаман иштеген адам жооп бериши керек? - деп талап кылды.

Бул сунуш добушка коюлганда ал 39 депутаттын колдоосуна ээ болду. Бирок, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев палатанын мындай чечимине макул болбой макулдашуу комиссиясын түзүүнү талап кылды. Өкмөт өкүлүнүн сунушу түштөн кийин талкууланып, өкмөт жана Жогорку Кеңештин эки палатасынын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу комиссия түзүү чечими кабылданды. Мыйзам чыгаруу жыйыны «Өкмөт жөнүндөгү» конституциялык бул мыйзамды эми экинчи жолу кароого чейин ал комиссия Эл өкүлдөр палатасы менен өкмөт макул боло албаган жетинчи жана тогузунчу берене боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыктуу бир жобо долбоорун иштеп чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG