Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Борбор Азия өлкөлөрү СПИД дартынын жайылышына каршы күрөштү күчөтүшү керек


Бул тууралуу кечээ Алматыдан Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча директору Деннис Де Трэй билдирди. Ал бул жерде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын өкүлөрдөрү катар менен СПИД илдетине каршы биргелешип күрөшүү боюнча наркы 25-милион доллардык программанын ишке киргизилишине байланыштуу өткөрүлгөн жыйынга катышты. Түркмөнстан өлкөдө СПИД дартынын инфекциясына чалдыккан эки эле адам бар деп эсептегендиктен жыйынга өз өкүлүн жиберген эмес. Деннис Де Трэйдин айтымында, 2006 –жылдын соңуна карата чөлкөмдөгү 58 миллион адамдын ичинен ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 1,5 миллионго жетип калышы мүмкүн.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG