Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Иракта бийликтин жергиликтүү өкмөткө берилишин эл аралык коомчулук оң баалады


АКШ кечээ Ирактын утурумдук өкмөтүнө бийликти мурда белгиленгенден эки күн эрте өткөрүп берди. Ирактын премьер-министри Ияд Аллави бийликти өткөрүп алуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
- Бул - суверенитет Ирактын өкмөтүнө жана Ирактын элине берилип жаткан тарыхый күн.
Бийликти өткөрүп берүү аземинен соң Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер Багдаддан кетип, кечээ кечинде Ирактын башкалаасына АКШнын жаңы элчиси Жон Негропонте келди. Эл аралык коомчулук жалпысынан Иракта бийликитин жергиликтүү өкмөткө берилишин оң кабыл алды. Евробримдик, Орусия, Кытай, мусулман мамлекеттери, анын ичинде коңшу өлкөлөр: Иордания, Иран, Кувейт, Түркия бийликтин өткөрүлүп берилишин кубаттап, Ирактын утурумдук өкмөтүнө колдоо көргөзүүнү убада кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG