Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫНЫН ЧЫРЫ КАЧАН ТОКТОЙТ?


Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ жекшемби күнү Иранды өзөктүк программасынын алкагында центрифугаларды курууну токтотууга чакырды. Иран 29-июндан кечиктирбестен центрифугаларды курууну улантарын өткөн аптада кабарлап, ошол эле учурда уранды байытууну саалгытып тураарын билдирген. МАГАТЭ мындан бир нече күн мурдакы резолюциясында Иран бийликтерин эл аралык инспекторлор менен кеңири багытта кызматташпаганы үчүн сындаган болчу.

Иран центрифугаларга зарыл жабдууларды жасап, өзүнүн өзөктүк программасына зарыл центрифугаларды сыноодон өткөрөөрүн өткөн аптада МАГАТЭге, Британияга, Францияга жана Германияга кабарлады.

Ырасмий Тегерандын билдиришинче, ал мындай чечимге Британия, Франция жана Германия өз убадасында туруп, МАГАТЭни Ирандын өзөктүк программасын иликтөө маселесин июнь айында кароодон баш тарттырышпагандан улам жасады.

Иран былтыр бул үч мамлекеттин арачылыгы астында өткөн сүйлөшүүдө МАГАТЭ менен кеңири кызматташууга жана уранды байытууну токтотууга макулдук берген. Алар болсо Ирандын өзөктүк алдыңкы технологияны сатып алуусун жеңилдетишмек.

Британиянын “Гардиан” гезити дүйшөмбү күнү батыштык аты аталбаган дипломатка шилтеме берип, Иран өзөктүк ишмердүүлүгүн 95 процентке гана токтотконун, ошол калган 5 проценти АКШ жана башка Батыш өлкөлөрдүн тынчын алганын жазып чыкты.

Ырасмий Тегеран анын өзөктүк программасы тынчтык максатында гана пайдаланыла турганын, өлкөдө кыргын салчу куралдарды жасоо ниети жок экенин тынбай кайталап, центрифуганы курууну жана сыноону жогоруда аталган өлкөнүн көзөмөлдөп туруусуна макул.

Ирандын центрифугага байланыштуу чечимин батыштык эксперт Пол Бевер “опурталдуу окуя” катары баалады:

-Маселе центрифугаларды гана курууда эмес. Бул Иран үчүн: ”биз ядролук дүрмөттүү жана баллистикалык ракеталуу болгубуз келет. Аларды өлкөнүн түрдүү бөлүктөрүндө кармайбыз. Андан силер корпогула,”-деп айтканга окшоп кетет. Бул сүйлөшүүдө чечилчү маселе. Ирандын азыркы жүрүм-турумун эл аралык коомчулукка таасир этип, андан айрым саясый же дипломаттык пайда тапканды көздөөдө деп баалар элем.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши 18-июндагы жыйынында Иранды атомдук энергия боюнча эл аралык инспекторлор менен кызматташпады деп сындаган.
Евробиримдиктин демилгеси менен даярдалган бул резолюцияны Иран саясый кысым иретинде кабыл алды.

МАГАТЭнин директору Мохамед ал-Барадейи 27-июнда Москвада сүйлөгөн сөзүндө Иран өзөктүк программасын токтотот деген үмүтү күчтүү экенин айтты:

- Алар өндүрүштү жандындыруу үчүн центрифуганы жыйнап, анын бир бөлүгүн сынамак болуп жатышканын айтышты. Катта ушинтип кабарланган. Бул диалогду өзгөртпөйт деген тилектемин. Мен аны убактылуу нерсе деген үмүттөмүн. Мен ошондой эле Иран мурда бизге берген милдеттенмесин аткарып, (өзөктүк программасын) биротоло токтот деп үмүттөнөм.

Ишемби күнү Кошмо Штаттары жана Евробримдик Иранга кайрылып, центрифуганы курууну улантуудан баш тартууга чакырышты.

Андан кийинки күнү АКШ өкмөтү Ирандын центрифуга курууну улантуу аракетин сындап, МАГАТЭ бу проблеманы кароону БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылыш керек деген пикирин билдирди.

Ал-Барадейинин айтышынча, Ирандын өзөктүк программасын күн тартибинен алып салуу өлкөнүн МАГАТЭ менен жакынкы жарым жылдагы кызматташуусуна жараша болот.
XS
SM
MD
LG