Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

«ХИЗБ УТ-ТАХРИР» ЧЫН ЭЛЕ КОРКУНУЧТУУБУ?


“Кыргызстанда диний экстремизмдин коркунучу бар” деп билдирди премьер-министр өкмөт жыйынында. Ал эми ички иштер министри Бакирдин Субанбеков болсо “Хизб ут-Тахрир” партиясынын үгүт иштери коомдо улут аралык араздашууга алып келээрин маалымдады. Ал жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн диний экстремизмге каршы алдын алуу иштерине жооптуу мамиле кылуусун өтүндү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары диний экстремизмдин, улуттар аралык кагылышууну алдын алышына карата дүйшөмбүдө өкмөт үйүндө жыйын болуп өттү. Анда ички иштер министри Бакирдин Субанбеков өлкөдө күч алып бараткан диний уюмдардын айрыкча, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мамлекетке коркунуч туудурган жагдайлары бар экенине токтолду.

- Учурда Борбор Азияда «Хизб ут-Тахрир» партиясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул партия 1995-жылдан бери Кыргызстанда да пайда болду. Анын негизги идеясы ислам халифатын түзүү максатын көздөп, эл арасында үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Бакирдин Субанбековдун айтымында, тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 5 жыл аралыгында диний араздашууларды уюштурууну көздөгөн 384 адам кармалган. Алардын 140тан ашууну кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Үстүбүздөгү жылы диний карама-каршылыкка үндөгөн 50дөн ашуун адам кармалган. Ошондой эле «Хизб ут-Тахрирчилер» тарабынан кафырларга, динсиздерге каршы жана өзүнчө мамлекет болууга үндөгөн баракчалар, китепчелер таратылган.

Министрдин айтымында, партиянын айрым мүчөлөрүнөн курал-жарактар табылган. Учурда өлкөдө «Хизб ут-Тахрир» партиясынын бир жарым миңден ашуун мүчөсү бар деген маалымат тараган. Ал эми катталбаганы эки-үч эсеге көп. Партияга көбүнчө жумушсуз жаштар, кийинки кездерде аялдар мүчө болуп киришүүдө жана анын мүчөлөрү күн санап өсүүдө:

- Мурда диний каршылашуунун очогу түштүк аймагында болсо, учурда “Хизб ут-Тахрир” партиясы өлкөнүн түндүк тарабына Ысыккөл, Нарын аймагына жетти. Өзгөчө Чүй өрөөнүндө жана Бишкекте ал партиянын үгүт иштери күч алууда.

Бакирдин Субанбеков дин иштери боюнча комиссиядан жана юстиция министрлигинен өлкөдөгү миңдеген мечиттерди каттоодон өткөрүп, анын иштерине көзөмөл жүргүзүүсүн сунуш кылды. Ошондой эле баардык мамлекеттик органдарды, жалпы коомчулукту диний экстремизм менен күрөшүүгө жооптуу мамиле кылуусун өтүндү.

“Хизб ут-Тахрир” партиясынын жашыруун иштерине, анын мүчөлөрүнүн иш аракеттери тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов кенен маалымат берди:

- Бул уюмдун жетекчилери аймактык лидерлерине тартип коргоо кызматкерлерин, интеллигенцияны, жаштарды мүчөлүккө тартууга көрсөтмө берген. Ал түгүл журналист, филолог, юрист, экономист адистигиндеги адамдарды тартууну сунуш кылышкан. Алар кылмыш жазасына тартылып, абакта отургандардын арасында да үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Азгыруу жолу менен мүчө болгондорду тажрыйбалуу “мушрептер” окутушуп, алар курамы үч-төрт кишиден турган ячейкалардан турат. Акыркы мезгилде “тахрирчилер” аскер кызматындагыларды, миилиция кызматкерлерин жана аялдарды, өзгөчө мектеп жашындагы балдардын арасында үгүт иштерин күчөтүүдө”.

Токон Мамытовдун айтымында, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана айрым араб өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 200гө жакын чет элдик атуулдар келишип “Хизб ут-Тахрир” партиясын жайылтуу максатында үгүт иштерин жүргүзүүдө. Коопсуздук кызматынын маалыматты боюнча, бул партия “Вестерн юнион” аркылуу акчасын алууда. Ошондой эле, “Хизб ут-тахрирчилер” Коопсуздук кызматы менен тартип коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүлүп жатат деп, укук коргоочуларга жана бейөкмөт уюмдарга арызданып, маалымат каражаттарын пайдалануу ыкмасына өтүштү, деп билдирди Токон Мамытов.

Ал эми премьер-министр Николай Танаевдин пикиринде, өлкөдөгү экономикалык жана социалдык абалдан улам белгисиз күчтөр тарабынан каржыланган диний уюмдар коомдо күч алууда:

- Мындан төрт жыл мурда ”Хизб ут-Тахрир” диний уюм катарында тынчтык жолу менен халифат ислам мамлекетин түзүүнү көздөгөн. Эки жылдан бери алар экстремисттик багытта куралдуу жол менен мамлекет курууну максат кылып, активдеше баштады. Коңшу мамлекеттерде аларды көзөмөлдөп, аларга каршы катуу чара колдонууда. Тилекке каршы, бизде бул маселеге анчейин маани берилбей келет. Ошондуктан ушул маселеге өзгөчө маани берүү максатында өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатабыз. Айрым министрлер, жетекчилер үчүн бул иш оңой-олтоң сезилиши мүмкүн. Бирок диний экстремизм бүгүнкү күндөгү абдан кооптуу маселелердин бири.

Танаев ошондой эле облус жетекчилерин ар бир айылдагы мечиттерди, ар түрдүү диний агымдарды көзөмөлгө алуусун тапшырды.

Ал эми өзүн “Хизб ут-тахрирчимин” деп эсептеген, атын атагысы келбеген атуул диний партия эч качан бийликти көздөбөйт деген пикирде:

- Биздин партия эч кандай бийликти көздөбөйт, Кыргызстандын Конституциясын бузууга ниетибиз жок. Менин иштеген жеримди, үйүмдүн дарегин Коопсуздук кызматынын, тартип коргоо органдарынын кызматчылары билишет. ”Хизб ут-Тахрир" жана башка чет элдик диний уюмдар бизге эч кандай жардам беришпейт. “Хизб Ут-Тахрир” деген - бизбиз.

XS
SM
MD
LG