Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Аким Өзгөн, Ыстамбул НАТОнун Ыстамбулдагы саммити өз ишин улантып жатат. Бүгүн НАТОго мүчө жыйырма алты, «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасына мүчө жыйырма өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын “Евро-Атлантик” кеңеши жана НАТО-Украина жыйындары болду. Ооганстандын президенти Хамид Карзай болочокто өтүүчү шайлоолордун коопсуздугун кепилдөө максатында НАТОдон ал убада кылган кошумча аскерлерди тез арада жиберишин өтүндү.

Жыйындан кийинки пресс-конференцияда Хамид Карзай менен НАТОнун башкатчысы Йаап де Хооп Схеффер альянстын кошумча күчтөрү алты же сегиз жуманын аралыгында Ооганстанга жиберилээрин билдирди. Схеффердин маалыматына ылайык Ооганстанда кызмат аткарып жаткан эларалык куруучулар бригадаларынын санын көбөйтүү, ооган армиясын жана мыйзам коргоо күчтөрүн НАТО аркылуу жөлөмөлөө тууралуу орчундуу чечимдер кабыл алынган.

Схеффер шайлоолорго даярданып жаткан бул өлкөгө көмөк көрсөтүүдө НАТО, Бириккен Улуттар Уюму, Европа биримдиги жана бардык донор өлкөлөр өз ара мыкты координатсияда болуусу абзел экенин эскерте кетти. Хамир Карзай болсо кошумча аскерлердин жиберилерине ыраазычылыгын билдирип, бул ооган элинин коопсуздугу жана өлкөнүн экономикасынын жакшыруусу үчүн турмуштук мааниге ээ экенин айтты.

Белгилүү болгондой «Евро-Атлантика» кеңешине НАТО өлкөлөрүнөн сырткары 20 мамлекет, анын ичинде Борбор Азия жумуруяттары да мүчө. Бүгүнкү жыйында терроризмге каршы күрөшүү, куралдарды көзөмөлгө алуу, тынчтыкты кепилдөө иш-чаралары, коргонуу экономикасы, өзөктүк коопсуздук жана аттулдук коргонуу сыяктуу, күн тартибиндеги орток коопсуздукка тийешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууга алынды. Дээрлик саясий маслат жана кызматташтык органы болуп эсептелген «Евро-Атлантика» кеңешинин чегинде практикалык кызматташууну болжогон “тынчтык үчүн кызматташуу” аталган программа да бар.
Кыргызстан дага мүчө болгон бул программа ар бир өлкөнүн өзүнө үлгүлүү өзгөчөлүктөрүн жана жөндөмүн эсепке алуу менен, конкреттүү долбоорлорду ишке ашырыш үчүн түзүлгөн.

Саммиттин алкагында бүгүн НАТО-Украина кеңешинин да жыйыны өткөрүлүп, анда Украина президенти Леонид Кучма сүйлөдү. Кеңеште эмне кеп болгону али маалымдала элек.

Бүгүн кечөөкүдөн айырмаланып Ыстамбул шаарында масссалык демонстрация болгон жок. Бирок Измирден Ыстамбулга учуп келген «Түркия аба жолдоруна» караштуу учау Ыстамбул аба майданында жарылып, андан бир жумушчу жарадар болгондугу маалымдалды. Бомбаны ким койгону али анык эмес, коопсуздук кызматчылары иликтөө жумуштарын улантып жатышат.
XS
SM
MD
LG