Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

ПОЛ БРЕМЕРДЕН КИЙИНКИ ИРАК


Koшмо Штаттары Иракка суверендүүлүгүн эки күн мурда өткөрүп бергенден кийин, Вашингтон дайындаган Багдаддын администратору Пол Бремер кармалбастан, мекенине кайтып кетти. Ал Иракты бир жылдан ашык башкарып туруп, артында өз коопсуздугун кепилдей албаган өлкөнү жана оккупациялык бийликтин таасири сиңген өкмөттү калтырып кетти. Анда америкалык администратордун калтырган "мурасын" анализдеп көрөлү.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1546-резолюциясына ылайык коалициянын убактылуу администрациясы 28-июндан тартып ишин токтотот. Оккупация ушуну менен бүтөт жана Ирактын убактылуу өкмөтү Ирак элинин атынан бүт бийликти өзүнө алып, суверендүү бийлик жүргүзө баштайт.

414 күнгө созулган АКШнын Ирактагы атуулдук администраторунун кызматын Пол Бремер мына ушул сөздөр менен жыйыктыктап, 28-июнь күнкү чакан салтанатта бийликти өткөрүп берээри менен дароо Багдаддан учуп кетти.

Былтыр март айында Иракка аскер жибергенде президент Буштун администрациясы Ирак эли коалиция аскерлерин кучак жайып тосуп алат деп үмүттөнгөн. Арийне, Ирактагы кырдаал мисалы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин союздаштар оккупациялап алган Германиядагы кырдаалдан кыйла айырмаланат. Нацизм жеңилгенден кийин немистер куралдуу каршылык көрсөткөн эмес. Алар оккупанттарга азыркы Ирактагыдай кастарын да тиккен эмес.

Иракта бүгүн аз эле дегенде ар башка, бир-бирине ылым санабаган үч топ бар. Алар – түндүктөгү күрттөр, борбордук аймактарда отурукташкан сунилер жана түштүктөгү шийиттер. Бул этникалык топтор дагы өз ара уруу-уруу болуп бөлүнүп кетишет. Ал уруулар өз жашоосун өкмөт аркылуу эмес, өздөрү жөндөгөнгө көнүм алышкан.

Кеннет Аллард - АКШ армиясынын отставкадагы полковниги, Вашингтондогу Жорж Таун Университетинде аскердик тарыхтан сабак берет. Алларддын айтымында, Иракта чет элдик согушчандар бар деп айтылганы менен, учурдагы каршылык көрсөтүү кыймылынын уюткусун ирактыктар өздөрү түзөт. Аллард ошондой эле Буш администрациясынын Иракты диктатордон арылтып, либералдуу демократия орнотууну ак ниеттен каалаган деп эсептейт:

- Менимче, бул мыйзамченемдүү максат болгон. Ал Кошмо Штаттарынын жана Ирак саясатына жооп берген адамдардын ниети ак экендигин айгинелейт. Бирок алар алдыда кандай оорчулук күтүп турганын баамдап биле алышкан эмес.

Мындай кыйынчылыктарды болтурбай, болгону менен күрөшүү аракетинде Вашингтон дайындаган Пол Бремер Ирактын учурдагы убактылуу өкмөтүнө бир катар чектөөлөрдү койду. Айрым чектөөлөр Иракта мурдатан колдонулган чаралар болгон. Бирок башкаларында Бремер катуу кетип калды. Буга демократиялык жараяндан саясий партияларды жана алардын талапкерлерин четтетүү вазийпасы жүктөлгөн жети кишиден турган шайлоо комиссиясынын түзүлүшүн мисалга келтирсе болот.

Ирактын жаңы Конституциясы боюнча, бул эрежелерди өкмөт мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү, президент жана эки вице-президент колдогон күндө гана күчүнөн кетирүүгө мүмкүн.

Бирок дагы бир аналитик Марина Оттовей Бремер кеткенден кийин анын таасиринен арылуу кыйын болбойт деп эсептейт. Оттовей - Вашингтондогу Карнеги атындагы Тынчтыкты изилдөө институтунун аналитиги:

– Кабинетте көпчүлүккө жетишип, президент вице-президенттердин колдоосун алуу оор болот деп ойлобойм. Экинчиден, менимче, эгер убактылуу өкмөт башчысы тигил же бул партиялар шайлоого катышса дурус болот деп айтса, Кошмо Штаттары Ирак өкмөтүнө шек келтирбестен, буга катуу каршылык көрсөтө албайт.

XS
SM
MD
LG