Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:25

САПАТТУУ БИЛИМ - САНААДАГЫ ТИЛЕК


Эл агартуу кызматкерлеринин конгресси кийинки жылдары билим берүүнүн сапаты өтөле төмөндөп кеткенине кабатырланганын билдирип, кайрылуу менен чыкты. Анда билим берүү тармагында орун алган мүчүлүштөр, мектептердин адам ыйлаарлык абалы, мугалимдердин жарыбаган маянасы, окуу китептеринин жетишпестиги, билим сапатынын төмөндүгү ажан аларды жоюунун жолдору айтылат. Билим берүүнү заман талабына ылайык жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн коомчулук бул ишке астейдил катышуусу керек.

Орто жана жогорку билим берүү системасы жыл санап начарлап баратканы, проблеманын баары айланып келип акчага такалары жалпыга дайын. Жогорку Кеңештин депутаты, Ош мамлекеттик университетинин ректору Бектемир Мурзубраимовдун айтуусунда, мектеп мугалиминин айлыгы өтөле аз:

- Билим берген мугалимдердин айлыгы өтө төмөн. Мектептерде иштей турган адистердин жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин сөзсүз барып иштей тургандыгы жөнүндө мыйзамдын жоктугунан жаштар мектепке иштөөгө барбай жатат. Көп сабактарды адистиги туура келбеген мугалимдер эле окутуп жатат.

Ошол эле учурда, жогорку окуу жайларынын акы төлөтүп окутуудан түшкөн 600 миллион сом акчасы казыналыкта сакталып турат. Сакталганы үчүн казыналык ал акчанын 1,5% өзүнө алат. Эгер ушул акча коммерциялык банктарда салынса ортодогу үстөк пайыздан эле жогорку окуу жайлары кыйла акча табар эле дейт Дене тарбия институтунун ректору, профессор Абакир Мамытов:

- Ошол эле мезгилде биз жогорку окуу жайларынын өнүгүшүнө деп болгону 113 миллион гана сом алабыз. Акча жок деп отурабыз. Алдагы акчаларга жогорку окуу жайлары өз алдынча ээ болуп, коммерциялык банктарга сактаса андан канча пайда түшөр эле?! Мамлекет бөлгөн акчадан эки эсе көп акча чогулмак.

Абакир Мамытовдун айтуусунда, коммерциялык банктардын үстөк пайызынын эсебинен эле мугалимдердин айлык маянасын көтөрүп, окуу китептерин чыгарып, окуу жайлардын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Анткен менен азыркы мектептердин антип коммерциялык ишке чегерчү акчасы жок. Алыскы айылдарды айтпайлы, борбор калаабыздагы орто мектептерде компьютер жетишпей, 25, 30 окуучу сыя турган класстарда тыгылып 45ке чейин бала окуп атканын мектеп мугалимдери айтып келет.

- Шаар борборундагы мектептерге ата-энелер балдарын жетелеп келе беришет. Аларды отургузарга орун жок. Сапаттуу билим берүү үчүн тийиштүү шарт - класста 20 же 25 бала болушу керек. Мыйзамда ошондой көрсөтүлгөн. А биздин класстарда 35-40тан бала отурат,- дейт атын атагысы келбеген шаар мугалими.

- Башкысы - кадрлар, алардын кесиптик чеберчилигин көтөрүү. Сапаттуу билим бере ала турган кадрларды даярдоо ишин кайра карап чыгуу зарыл,- деген пикирде Бишкектеги № 6 гимназия мектебинин директору Светлана Арыстанова.

Жогорку окуу жайлары күргүштөтүп адистерди чыгаруу менен алектенип калганын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим, маданият, илим маселелери боюнча комитетинин төрагасы Жангороз Каныметов белгиледи:

- Мына жогорку билим дагы контракт боюнча окуткан ВУЗдарда, кээ бир менчик жогорку окуу жайларында эптеп акча берсе эле окутуп атышат. Ал жерлерде өткөрүлгөн сынактар, билим берүүнүн сапаты көтөрүлүп кетти деп айтыш кыйын.

Жаамы калкка кайрылуу кабыл алган билим берүү кызматкерлеринин конгресси өткөн жылы уюшулуп, быйыл жыл башында юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Максат - билим берүү системасынын ишин жакыртуу, аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө колкабыш кылуу, өз ишин барктаган агартуучулардын башын кошуу. Конгрессчилер бул максатта атайын илимий-усулдук журнал чыгаруу сунушун билдиришкен.

Бишкектин № 64-гимназия мектебинин окуучусу Төрөкул кийинки жылдары тажрыйбасы аз мугалимдердин арбып баратканын айтты:

- Бизге көбүнчө жаш эжейлер, практиканттар сабак бере башташты. Алар бизди сабакка көңүл бурдурбай, отуруп өзүнчө эле бирдемелерди жазышып, биздин окуган-окубаганыбыз менен иштери деле жок.
XS
SM
MD
LG