Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

ЧЕГАРАДАГЫ ЧЕКТЕН ЧЫККАН ОКУЯЛАР


Султан Раев, Бишкек Саясатчылар, журналисттер кыргыз-өзбек-тажик чегара маселелерин чечүүгө карата жасалып жаткан кадамды акыркы мезгилдеги позитивдүү көрүнүш катары баалашууда.

Көп жылдар бою ар кандай деңгээлде талкууланып келген бул өтө кылдат маселе чындыгында эле акыркы кездерде орчундуу маселеге айланып келген.

Чегара маселеси, бажы тоскоолдуктары, чектеш территорияларды миналоо - аймактагы карапайым элдин жашоосуна да түздөн-түз таасир эткен негизги факторлорго айланды. Өзбек тарап чектеш аймактарга мина коюп, ал коңшу өлкөлөрдүн өз ара мамилесине тескери таасирин тийгизип келет.

Жакында өзбек бийлиги бул маслени оң чечүү багытында алгачкы кадамдарды жасай баштады. Бул албетте, акыркы кезде коңшулары менен жабык саясат жүргүзүп келген өзбек бийлиги тарабынан жасалган позитивдүү кадам катары бааланууда.

Чегара аймактарына мина коюу айрыкча өлкөнүн Баткен, Ош, Жалалабад чөлкөмдөрүндө кездешет. Буга дейре минадан адамдар, мал жарылган. Айрыкча, мындай кырдаал Баткен облусунун аймагында көп кездешкендиги массалык маалымат каражаттары тарабынан кеңири белгилүү. Бул жагдай тууралуу Баткен облусунун гебернаторунун орунбасары Шадыбек Бакибеков мындай дейт:

- 23-июнда Өзбекстандын бийлик органдары Венада билдирүү жасап, чегарадагы миналарды алдыруу ниетин айтты. Бул Баткен облусунун бийлиги, эли көптөн күткөн мүдө. 1999-жылы алар өзүнүн коопсуздугун сактоо максатында чегараларга мина койгон болчу. Ал миналардын азабынан биздин облустун 5 тургуну каза таап, 3 тургуну жарадар болуп, жалпы суммасы 6 млн. 400 миңге жакын сом моралдык-материалдык зыян келтирилген. Эгерде ушинтип өзбек тараптан миналарын ала турган болсо бул - жакшы. Ал эң актуалдуу маселе бүгүнкү күндө. Баткен облусунун эли толук колдойт. Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешип турабыз, мындан ары биздин тыгыз байланышыбыз күчөйт.

Өз ара коңшулук мамилелердеги жылышты кыргыз саясатчылары да жакшы жышаан катары баалап жатышат. Бул тууралуу өлкөдөгү “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Досбол Нур уулу мындай көз карашын билдирди:

- Миналар негизи мыйзамсыз коюлган. Ошону түшүнүп, Өзбекстан кайра алып аткан болсо бул абдан жакшы көрүнүш. Айтылат "кошунаны тандабайт" деп, биз канатташ элбиз. Бирге жашайбыз, канчалык чегараны бекиткен менен жакшы, жамандыгыбыз бирге болгондуктан, мыйзам ченемдүүлүк акылга сыйган жакшылык менен жашаган жакшы. Бул өзү негизинен жакшы көрүнүш деп эсептейм.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү үч мамлекеттин бул кадамын чөлкөмдөгү геосаясий кырдаалдын оң нукка түшүшү катары гана бааланбастан, эзелтен келаткан бир туугандык мамилелердин да жаңы багытка өтүшүнө үмүт артышат. Бул айрыкча, ушул коңшу аймакта жашаган карапайым элдин башкы тилеги.

Демек, ар бир бийлик саясаты биринчи кезекте элдин каалоосуна бурулушу зарыл, ал эми коюн-колтук, өз ара ынтымакта жашоо Борбор Азиянын негизги стабилдүүлүгү катары каралмакчы.
XS
SM
MD
LG