Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Кумтөр кени жыйында талкууланат


БИШКЕК. Бейшембиде «Кумтөр-Центерра» Кыргызстан үчүн кандай тыянак берди?» деп аталган талкуу өткөнү жатат. Аны «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев менен бирге уюштурууда.

1996-жылдан баштап ишке кирген Кумтөр кени өлкөгө кандай пайда берди, өксүгү эмнеде болду жана келечектен эмнени күтүүгө болот деген маселелердин айланасында сөз болот. Акырында өкмөткө сунуштар берилет. Талкууга саясий партиялардын, өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Кошумчалап койчу жагы, кыргыз өкмөтү былтыр декабрда "Кумтөралтын" долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө токтомго кол койгон. Анын негизинде Кумтөр кени толугу бойдон "Камеко" менен бирге түзүлүп жаткан «Центерра» ишканасынын карамагына өтөт. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны мындай чечимге каршылыгын билдирип, 25-июндагы отурумунда атайын токтом кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG