Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Россияда кыргызстандык айдоочуга каршы кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Россия Федерациясынынын Кылмыш кодексинин чоң өлчөмдөгү маңзаттардын аткезчилигине байланышкан жобосу боюнча Кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду жана ал жаран Екатеринбург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу маалыматты Россиянын Урал Федералдык округундагы маң жана психотроптук заттарды көзөмөлдөө башкы башкармалыгына жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугуна шилтеме берип «Кыргызинфо» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, жалалабаддык айдоочу 150 килограмм жогорку сапаттагы героинди азык ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа менен жашыруун алып бараткан.
Кыргызстандагы маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Курманбек Кубатбековдун айтымында, Урал Федералдык округунан мындай маалымат агенттикке да келип түшкөн. Анын негизинде бүгүн атайын топ фактыны иликтөөгө киришти. Буга чейин биргелешкен операциянын алкагында Тажикстан-Кыргызстан-Россия жолунда 10 килограмм героин кармалган.

XS
SM
MD
LG