Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

“Рентонгрупптун” аманатчылары пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн “Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдатып жиберген жүзгө жакын аманатчылар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар “Рентонгрупп” компаниясынын маселесин палатанын күн тартибине койуу сунушу менен мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге кайрылуу үчүн келишкен. Компанияга байланыштуу маселе тууралуу өкмөттүн отчету шаршемби күнү палатанын отурумунда каралышы мүмкүн.

Өткөн жылы август айында «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилиги элден жыйнаган акчаларын ээлерине кайтарбай, качып кеткен. Компаниянын кредиттик карызы 263 млн. сомду түзгөн жана 2001-жылы 55 млн. сом өлчөмүндөгү облигация чыгарып саткандыгы басма сөздө маалымдалган.

XS
SM
MD
LG