Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

«Кыргызтелеком» алты айга чейин менчиктештирилбейт


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясын сатуу алты айдык мөөнөт менен убактылуу токтоду. Буга байланышкан чечимди шейшемби күнкү отурумунда Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынынын сессиясы кабыл алды. Чечимди депутаттар өкмөттүн акционердик коомду менчиктештирүүгө байланышкан буга чейинки кайтарымсыз аракеттери менен негиздешти.
«Кыргызтелекомду» менчиктештирүү жараяны 2000-жылы башталып, бул аралыкта үч ирет тендер жарыяланган. Бирок тендерди утуп алган «Шведтелеком», кийин «Ростелеком» коюлган шарттардан кетенчиктегендиктен жаңы тендер өткөн. Аны германиялык «Детаком» компаниясы утуп алган. Бирок депутаттардын пикиринде, соңку тендер да мыйзам бузуулар менен өткөн жана германиялык бул компания тууралуу ачык, так маалыматтар жок. ""Кыргызтелеком" жакшы иштеп жатат, андыктан аны сатып эмне кереги бар" деген пикирлерди депутаттар көп айтышты.

XS
SM
MD
LG