Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

НАТОнун саммитинде Аскар Акаев сөз сүйлөдү


БИШКЕК. 29-июнда НАТОнун Стамбул саммитинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Президент Ооганстан проблемасын чечүүдө эл аралык коомчулуктун көмөгүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Түндүк атлантикалык альянстын “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасынын алкагында Кыргызстан кызматташтыкка даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчы дүйшөмбү күнү Стамбул университетинин жамааты менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Жолугушуу соңунда Аскар Акаевге "Стамбул университетинин ардактуу доктору" деген наам ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG