Канададагы парламенттик шайлоодо башкаруучу партия утулат шекилди
Канададагы парламенттик шайлоодо башкаруучу партия утулат шекилди
Добуштардын алгачкы санактарына караганда премьер-министр Пол Мартиндин либералдык партиясы көпчүлүк мандаттарын сактап кала албай турганы айкын болууда. Либералдар соңку он бир жылдан бери парламентте такай көпчүлүктү түзүп келишкен эле.