Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

МОНГОЛИЯ: БИЙЛИКТЕГИ ПАРТИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨ АШЫКЧА ҮГҮТ ЖҮРГҮЗГӨНҮНҮН АЗАБЫН ЧЕКТИ


Буга чейин Монголияны бийлеп келген партия парламенттик шайлоодо ири жеңилүүгө учурады. Мурдагы коммунисттердин азыркы тапта социалисттик жана лейбористтик нукту туткан Монголия Элдик Революциячыл партиясы эми Улуу Хуралда - өлкөнүн парламентинде - азчылыкты түзүп калаары ажеп эмес.

Өткөн жекшембиде, июндун 27синде, Монголияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын алдын-ала жарыяланган жыйынтыгына караганда, бийликтеги Монголия Элдик Революциячыл партиясы буга чейин оппозицияда болуп келген демократтар блогу менен дээрлик тең чыкты. Алардын ар бири парламенттеги 76 орундун 36сын ээлеп калды. Бирок калган төрт орундун ээлери демократтар менен кызматташууга ниеттенүүдө. Демек, демократтар дээрлик 40 депутаттык орунду ээлеп, Монголия Элдик Революциячыл партиясын өкмөттөн сүрүп чыкмакчы.

Улаан-Баатардагы өкмөттүн демократиялык шайлоо жолу менен алмашып жатышы Ички Азиядагы бул мамлекеттин мурдагы бир партиялуу коммунисттик системадан демократиялык системага ийгиликтүү түрдө өтө алганын айгинелейт.

Улаан-Баатардагы «Монгол Мессенжер» гезитинин редакторунун орун басары Индра Борхондойн айым «Азаттыктын» кабарчысы Жереми Бранстен менен маек куруп, бийликтеги партиянын демократтарга жеңилип калышынын башкы себептеринин бири – экономика маселеси болгонун айтты:

- Демократтар, - демократиялык коалиция, - эл азыркы бийликтеги партиядан тажады деп айтышууда. Алардын пикиринче, бийликтеги партиянын башкаруусу маалында жашоо-тиричилик деңгээли жакшырган жок, тескерисинче, жакырлардын саны көбөйдү, айрым экономикалык реформалар солгундады жана өлкөнүн экономикалык өсүү темпи басаңдап калды.

Индра Борхондойн айымдын сөзүнө караганда, демократтар балалуу үй-бүлөлөргө ар айда 10 миң төгрөг, башкача айтканда, 8 доллардай каражаттык жардам беребиз деп убада кылышкан. Демократтардын мындай убадаларынан тышкары, бийликтеги партиянын шайлоо өнөктүгүндө рекламаларды ашыкча колдонуп жибергени да шайлоочулардын маанайына таасир тийгизди, - дейт бул айым:

- Монгол шайлоочулары дал ушундай үгүт өнөктүгүнүн оор салмагы астында калды. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар мындай үгүттөн таптакыр тажап бүтүштү. Бийликтеги партия өнөктүктү жүргүзүүдө өтө эле аша чаап кетти.

Шайлоочулардын 75 пайыздайынын добуш берүүгө катышканы – чынында да монгол атуулдарынын Улуу Хуралдын жаңы курамын шайлоо аркылуу өз турмушун өзгөртүүгө ишеними күч экенин тастыктагансыды. Жеңишке шыктанган демократтар Монголия Элдик Революциячыл партиясынын өкмөтү жүргүзүп келген саясий жана экономикалык реформаларды андан ары жигердүү улантаарын билдирүүдө.

Серепчилердин айтымында, Кытай менен Орусиянын жана Батыштын ортосунда тең салмактуу саясат жүргүзүүгө умтулган Улаан-Баатардын тышкы саясаттагы стратегиясында олуттуу өзгөрүү деле күтүлбөйт.

Айтмакчы, мындай прагматисттик тышкы саясаты жагынан Кыргызстан да Монголияга окшоп кетет, бирок келээрки жылы болоору күтүлгөн Кыргыз Жогорку Кеңешине (парламентине) шайлоо Ички Азиядагы көчмөндөрдүн демократиялык мүнөздөгү шайлоо өнөктүгүнө окшоор бекен, азырынча бир беткей айтуу кыйын. Бирок Кыргызстанда эмитеден эле алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду калыс жана адилет өткөрүү үчүн күрөшүү мүдөөсүн жарыялаган оппозициялык саясий блоктор түзүлгөнү да эсиңиздердедир.
XS
SM
MD
LG