Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Саддам Хусейин Ирактын түрмөсүнө которулат


Бул бүгүн ишке ашырылаары күтүлүүдө. Муну менен Саддам Ирактын утурумдук өкмөтүнүн көзөмөлүнө берилип жатат. Ал былтыр декабрда туткундалгандан бери америкалык түрмөдө кармалып келген. Ирактын премьер-министри Ияд Аллавинин кечээги билдирүүсүнө караганда, америкалык аскерлер түрмөдө Саддамды жана анын шериктерин кайтарууну мындан ары да улантат:

- Ирактын полициясы айыпталып жаткандардын коопсуздугун кепилдөөгө толук жарамдуу болгонго чейин биздин өтүнүчкө ылайык көп улуттуу күчтөр аларды кайтарууну улантат.

Ирактын расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, эртең Саддамга жана анын мурдагы режиминин жогорку даражалуу 11 өкүлүнө сот айып коймокчу. БУУнун башкатчысы Кофин Аннан жана укук коргоочу уюмдар Саддамдын Ирактын түрмөсүнө которулуп жатышын кубатташты. Укук коргоочу уюмдардын айтымында, муну эл аралык мыйзамдар да талап кылат.

XS
SM
MD
LG