Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Баткен облусунда үч айыл өкмөт башчысынын орду бошоду


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдун 30-июнда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, акыркы айларда Лейлек районундагы Тогузбулак, Бешкент жана Кызылкыя шаарындагы Акбулак айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орду бошоду. Лейлек районунда аталган эки айыл өкмөттүн башчыларынын бошогон орду үчүн кайра шайлоо өткөрүү ушул жылдын 15-июлуна белгиленди. Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынан бери облуста ушуну менен мөөнөтүнө жетпей бошогон айыл өкмөт башчыларынын саны 12 жетти. Алардын үчөөсү гана башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу орун бошоткон. Ал эми калгандарынын баары өз арызынын негизинде кызматтан кетишкен. Айрым байкоочулардын пикирине караганда, алардын көпчүлүгү эл ишенимин аркалай албай калып, арыз жазууга аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG