Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Нарын шаарынын каржы башкармалыгынын 2005-жыл үчүн бюджеттик угуусу болду


НАРЫН. Нарын шаарынын бюджети коомчулуктун катышуусунда ушуну менен алтынчы жолу талкууланып жатат деп билдирди шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Асанкадыр Асанакунов. Анда келерки жыл үчүн бюджет долбоорунун суммасы 37 млн. 607,8 миң сом болоору айтылды. Бул ушул жылга салыштырмалуу бюджет өлчөмү 13,5 млн. сомго көп каралды дегендик. Мунун себебин Асанкадыр Асанакунов алдыдагы жылда шаардын Нарын районунун карамагынан өз алдынча административдик жактан бөлүнүп чыгары менен түшүндүрдү. Ушундан улам үстүбүздөгү жылга караганда 2005-жылы шаардын киреше салыгы, калкка акылай кызмат көрсөтүү салыгы жана атайын каражаттар ашыкча түшмөкчү. Бирок троллейбус депосу, жашылдандыруу чарбасы, жылуулук ишканасы тарабынан бюджеттин чегерүүсүндөгү өксүктөр белгиленип, суу, электр энергия, байланыш кызматтарына бюджеттен каржылоо киргизилгендиги колдоого ээ болду.

XS
SM
MD
LG