Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын баракчалары таркатылууда


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы көп кабат үйлөргө "Хизб ут-Тахрир" партиясынын баракчалары ташталууда. "Эй, мусулмандар ортоңку чыгышты өз колуңар менен кургула, анткени буга акылуу жана ылайыктуу болгон кишилер - бир гана силерсиңер" деген өңдүү жалпы чакырыктар жазылган баракчалар "ыйман келтиргендерге үстөмдүк кылуу биздин мойнубуздагы акыйкат" деген сөздөр менен аяктайт. Бул баракчаларда ошондой эле "Хизб ут- Тахрир" халифат мамлекетин тикелөөгө жардам суроо чакырылат.

Кошумчалай кетүүчү маалымат, облустук тартип коргоо органдары тарабынан өткөн жылы 439 баракча, 31 нуска брошюра, 4 китеп, 2 видео жана 6 аудиокассета табылып, "Хизб ут-Тахрир" партиясынын 12 мүчөсүнө кылмыш иши козголгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG