Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Кыргызстанда аткезчиликке каршы күрөштүн жагдайы начар


БИШКЕК. Кыргызстанда аткезчиликке каршы күрөш жетиштүү деңгээлде жүргөн жери жок. Аткезчиликтин бетин ачуу, алдын алуу жана чектөө багытында аткарылып жаткан иштердин абалын талдаган жыйын бүгүн өкмөт үйүндө өтүп, ушундай бүтүмгө келди. Премьер-министр Николай Танаевдин башкаруусунда өткөн бул отурум Башкы прокуратурага, бардык күч структураларына, чегара кызматына экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай, соода министрлиги баш болгон тиешелүү тармактарга көмүскө экономиканын бул түрүнө каршы күрөштүн планын иштеп чыгып, 1-сентябрга чейин өкмөттөгү экономикалык саясат боюнча кеңешке сунуштоону тапшырды.

Өкмөт жыйынында белгилүү болгон маалыматка караганда, өткөн жылы аткезчилик жол менен жүгүртүлгөн товарлардын көлөмү 3 миллиард сомду түзгөн. Бирок көмүскө экономика боюнча күч структуралары тарабынан бир дагы кылмыш иши козголгон эмес.

XS
SM
MD
LG