Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Улуттук коопсуздук кызматы паламенттик комиссиянын маалыматын төгүндөдү


БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөдөгү саясатчыларды, коомдук уюмдарды, саясий партияларды, анын ичинде «Арнамыс» партиясын аңдыган, көзөмөлдөгөн эмес. Мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн "Арнамыс" партиясына жөнөткөн. Эске сала кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттардын ким тарабынан коюлушун иликтеген депутаттык комиссиянын үстүбүздөгү жылдын 21-майындагы маалыматында Улуттук коопсуздук кызматы өлкөдөгү айрым саясатчылардын, партия, бейөкмөт уюмдардын артынан жашыруун аңдуу жүргүзүлгөндүгү айтылган. Буга байланыштуу "Арнамыс" партиясы Улуттук коопсуздук кызматына кайрылып, депутаттык комиссиянын маалыматынын чын-төгүнүн тактап берүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG