Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГАРАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Бириккен улуттар уюмунун «Алдын ала өнүгүү» программасынын жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча чектеш жайгашкан аймактарда эл аралык чыр-чатактардын келип чыгуусуна көп учурда жол, суу жана айдоо аянттардын талашы себеп болот. Баткен облусунун «Аксай» айыл өкмөтү коңшулаш Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан. Тажик тарап Аксайлыктарга саатына 450 литр суу берүүгө милдеттүү болсо да, көп жылдардан бери бул ишке ашпай келе жатат.

Чегара жана бажы посттору боюнча маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген бойдон калууда. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан тарабынан жол маселеси эки эл үчүн тең оң жагына чечилген. Буга биз БУУнун «Алдын ала өнүгүү» программасынын негизинде кыргыз-тажик чегараларына барган мезгилде күбө болдук. Жолдогу чегара жана бажы постторунун алынышы эң биринчиден элге жакшы болгондугун Баткен облусунун «Аксай» айыл өкмөтүнүн жашоочусу Каракул Жанжигитов айтып берди:

- Бажы жана чегара посттору алынганы бири-бирибизге эркин кирип-чыгып калдык. Себеби биздин базарыбыз, той-тамашаларыбыз да бир. Бардыгы: кыргыздар да, тажиктер да ыраазы. Анткени посттор эки элдин ортосундагы карым-катышка бир топ терс таасирин тийгизип атты эле. Азыр эми баягы союз мезгилиндегидей эле кеңири катташып калдык.

«Аксай» айыл өкмөтү түндүк тарабынан Тажикстандын Чорку жамааты жана чыгыш тарабынан Ворух анклавы менен чектешет. Ал эми түштүк жана батыш тарабынан Карабулак жана Актатыр айыл өкмөттөрү менен чектеш жайгашкан. «Аксай» айыл өкмөтүн Баткен облусунун башка аймактары менен түз байланыштырган автомобил жолдору жок. Бул айыл өкмөтү аркылуу тажиктердин Исфара-Ворух автожолу өтөт. Баткен-Көкташ-Самаркандек-Исфана жолу 170 чакырым Тажикстандын аймагын, ал эми Баткен-Аксай автожолу Тажик Республикасынын Сурх жана Чоркух жамааттарынын аймактарын кесип өткөндүктөн, чегара жана бажы посттору элдин ары-бери каттоосуна терс таасирин тийгизип келген.

Аксайлыктардын дагы бир көйгөйү - сугат суусу. Аталган айыл өкмөтү жана ага чектеш жайгашкан Тажикстандын Ворух жана Чоркух жамааттары дээрлик бир суудан пайдаланышкандыктан, көп учурда суу талаш болот. Аксайлык Абдиллабек Каттабековдун айтымында суу жагынан кыргыздар тажиктерге көз каранды:

- Мурда тажик тарап 450 литр суу берип турчу. Союз бузулгандан кийин күтпөй да калдык. Бизде азыр суу маселеси оорлошуп кетти. Эгин-тегиндерибизди араңдан зорго сугарабыз.

«Аксай» айыл өкмөтүндө агын суу жок болгондуктан өткөн кылымдын 80-жылдары Тажикстандын Исфайрам дарыясынан суу алып чыга турган насос курулган. Бирок анын бир кыймылдаткычы күйүп кетип, бири гана иштеп турган. Мунун айынан айдоо аянттарына суу кенен жетпей, кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү пайда кылган. Чектеш жайгашкан аймактардагы суу маселесин чечүү БУУнун «Алдын ала өнүгүү» программасынын бир максаты болуп саналат. Ошондуктан атайын долбоордун негизинде 876 684 сомдук каражат бөлүнүп, агрегат толук оңдоодон өткөн.

Суу насос станциясынын жумушчусу Муса Жолчуевдин айтымында агрегат аркылуу чыккан суу 170 гектар жерди сугарууга жетет:

- Бизге агын суу келбейт. Бардык эгинибиз ушул насос станциясынан чыккан суу менен сугарылат. Азыркы убакта станциядан чыккан суу 170 гектар айдоо жерге жетет.

Ал эми «Алдын ала өнүгүү» программасынын чегара кызматташтыгы боюнча координатору Нурлан Набиевдин айтуусунда суу насосун иштетүү үчүн мамлекет тарабынан бир жылда 30 миллион сом сарпталат:

- Бул насос станциясын иштетүү үчүн Кыргыз мамлекети бир жылда 30 миллион сом сарптайт. Ал эми анын ордуна бир чоң канал курса болот, бирок ага көп каражат керек. Тоону тешип, суу чыгарып, канал куруу үчүн 10 миллион АКШ доллары керек экен. Мындай каражат биздин өкмөттө да, донорлордо да жок болуп жатат.

Ал эми Тажикстандын Ворух жамаатынын төрагасы Искандар Искандаров учурда кыргыздар менен тажиктердин ортосунда суу тууралуу көйгөй жок экендигин, бул маселе эл аралык уюмдардын жардамы менен чечилип жаткандыгын айтып өттү:

- Кыргызстан менен Тажикстан үчүн бир эле агын суу бар. Ошондуктан мурда эки элдин ортосунда суу талашып, чатакташкан окуялар болгон. Азыр эл аралык уюмдардын жардамы менен суу маселеси жакшы жагына чечилди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG