Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

АКШ: ЖОГОРКУ СОТ БУШТУ БУШАЙМАН КЫЛДЫ


Дүйшөмбү күнү АКШнын Жогорку соту азыркы Вашингтон администрациясы жүргүзүп жаткан антитеррордук согуштун укуктук айрым негиздери мыйзамга ылайык келбей турганын ырастаган чечим чыгарды. Мындан эки айдай мурда сот алдындагы түшүндүрмөсүндө Ак үйдүн өкүлдөрү Ооганстанда колго түшкөн талиптер менен “ал-каидачыларды” жалпы өлкөнүн коопсуздук мүдөөсүнөн улам өкмөт каалаган мөөнөткө чейин лагерлерде кармап, суракка алганга акысы бар экенин айтышкан эле. Бирок улуттук Фемиданын эң жогорку инстанциясы чыгарган бүтүмгө ылайык туткундагылар - кайсы өлкөнүн өкүлү болбосун - америкалык соттордо мыйзам негизинде өздөрүн коргой алат, а өкмөт аларды мындай укуктан ажырата албайт.

АКШнын өкмөтү Ооганстанда жана Иракта колго түшкөндөрдү адатта сот-мотсуз эле узак мезгил түрмөлөрдө кармап, дүйнөлүк коомчулук арасындагы кыйгыл-кычкыл кептерге жүйөө берип жүргөн эле.

Жогорку соттун чечимин баарыдан мурда эл аралык укук коргоочулар кубаттап кабыл алышты. Human Rights Watchтун америкалык программасынын директору Жейми Феллнер улуттук Фемиданын жогорку инстанциясы чыгарган бүтүмдү комментариялап, баарыдан мурда ар бир диктатура адатта адамдарды өзү билгендей кармап-камай берерин, анан муну улуттук коопсуздук үчүн зарыл деп түшүндүрөрүн белгиледи. Соттун бу чечиминен соң Филлнер америкалык өкмөт улуттук коопсуздукпу, террордук алааматпы же башка бир балаамат-балээби, кандай учурда болсун бу сөздү “сыйкырдуу” аргумент кылып пайдалана албайт, Гуантанамо өңдүү кайсыдыр бир жапсар жерге адамдарды жапшырып-жашырып коюп, аларга эч кандай соттун амири жетпейт дегенсип камаарабай-камсыкпай отура албайт деп ишенет.
Дегинкисинде, Жогорку соттун чечими, Филлнердин ишениминде, мыйзам бийлигин бекемдеген өтө күчтүү бүтүм болду.

Ак үйдүн адвокаттарынын бири Пол Клемент апрелде көрсөтмө берип, Гуантанамо америкалык Фемиданын юрисдикциясына кирбей тургандыгын, анткени ал АКШдан тышкары жерде жайгашканын айткан эле. Бирок бул лагерди америкалык өкмөт түзгөн, андыктан ал дүйнөнүн кайсы жеринде турбасын америкалык соттордун юрисдикциясынан тышкары кала албайт. Мындан тышкары администрациянын адвокаттары туткундар уруш талаасында колго түшкөндүктөн алардын баары аскери соттордо гана жоопкерчиликке тартылышын талап кылышкан эле. Жогорку сот бул жүйөөнү да четке какты.

Вашингтондогу Като институтунун конституциялык проблемалар боюнча эксперти Роберт Леви америкалык президенттер согуш маалында өз укуктарынан аша чапкан учурлар болгондугун эске салды. Аврам Линкольн 1860-жылдардагы ички урушта, ал эми Франклин Рузвельт дүйнөлүк экинчи согуш маалында азыркыга окшош чараларга барышкан, бирок аларды да учурунда Жогорку сот жаратпай салган. Эмнеге дегенде Америка өзүнүн саясий тарыхында бийликтин үч бутагы - өкмөт, конгресс жана сот – бирин-бири өз ара көзөмөлдөп, теңдештирип турган салтты айныбай карманган. Жогорку соттун чечими, Левинин айтымында, ошол көзөмөл жана тең салмак салтын кайра бышыктады.

Жогорку сот ошо салт али да күчүндө экенин америкалыктарга эле эмес, чет элдиктерге да тастыктап берип, өтө маанилүү жана пайдалуу иш кылды.

Жогорку соттун чечими Ак үй үчүн кыйла күтүүсүз болуп чыкты. Айтымда, Пентагондо сот бул маселени кантсе да администрациянын пайдасына чечет деп ишенип, ага жараша атайын камдаган стратегиясын жарыялаганы жаткан экен. Байкоочулар болсо бу бүтүмдү азыркы администрациянын юриспруденция чөйрөсүндөгү антитеррордук позицияларын солкулдаткан сокку деп баалашты. Бери эле дегенде президенттик шайлоого беш ай калганда Жогорку сот өз чечими менен Жорж Бушту бушайманга салбаса, асты ыраазы кылган жок.

XS
SM
MD
LG