Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Пакистанда өкмөттүн убактылуу башчысы ант берди


ИСЛАМАБАД. Пакистанда өкмөттүн убактылуу башчысы Чаудри Шижаат Хусаин ант берди. Кечээ аны бул кызматка өлкөнүн парламенти бекиткен. Ал өкмөттү бир нече жума эле башкарат. Андан соң өкмөт башчынын милдетин өлкөнүн финансы министри Шаукат Азиз алат. Бул аралыктын ичинде Азиз Сенаттан өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасы Улуттук Ассамблеяга которулмакчы. Мурдагы премьер Зафарулла Жамали "президент Первез Мушараф анын ишине нааразы экен", деген имиштерден кийин өткөн ишембиде кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG