Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Казакстан менен Татарстан орток экономикалык алакаларды өрчүтүшөт


КАЗАН. Бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Казанда Татарстан жетекчилиги менен эки жумурияттын орток алакаларын талкуулады. Назарбаев 70 кишиден турган делегациянын коштоосунда кечээ Татарстанга келген. Ал Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев менен жолугушуп, экономикалык алакаларды сүйлөштү.

- Биз КамАЗ автомобиль жасоочу ишканасы, мунай компаниялары жана машина куруу өндүрүш тармагы менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатабыз. Албетте биз, ошондой эле, бул жерде чыгарылып жаткан самолеттор менен вертолетторго да кызыгабыз. Казакстан менен Татарстандын тыгыз алакасы Казакстан менен Россиянын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө салым кошот,- деди Назарбаев.

Татарстандагы үч күндүк визит соңуна чыккандан кийин Назарбаев баштаган казак делегациясы Башкуртстанга барат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG