Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Дубалдын 90 проценти палестиндердин аймагына салынган


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин соту Палестин аймагы менен Израилди бөлгөн дубал туура эмес салынган, чегара аймактарында жашаган палестиндердин жашоосун кысмактабоо үчүн дубалды обочо жылдыруу керек, деген чечим чыгарды. Сотко кайрылган жарандардын адвокаты Мохамед Дахла буларды айтты:

- Cот дубалдын көп бөлүгү мыйзамсыз курулган. Текшерүү жасалган дубалдын 40 чакырым келген тилкеси анын кеминде 80-90 проценти палестиндердин кызыкчылыгын этибарга албастан тургузулгандыгын айгинеледи. Дубал палестиндерди камалаган жагдайга салат. Бул сот Арун Барактын сөздөрү!

Сот коопсуздукту тобокелге салып болсо дубалды жылдыруу керек, деген бүтүм чыгарды. Израил дубал элди террорчулардан калкалоо үчүн керек, деп келет. Ал эми Палестин тарабы болсо Батыш жээктеги палестин аймактарына кирип кеткен дубал миңдеген адамдарды ишинен, мектептерден жана айдоо жерлеринен бөлүп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG