Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Ооганстанда ракеталык аткылоодон тогуз киши жарадар болду


КАБУЛ. Ооганстандын Жалалабад шаарында ракеталык аткылоодон тогуз киши жарадар болду. Расмий өкүлдөр окуя автобекеттеги текшерүү пунктунда болгонун кабарлашты. Ал эми чөлкөмдө иштеп жаткан кабарчылардын айтымында, аткылоодон 27 киши жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Ошол эле маалда Орузган провинциясында согушкерлер америкалык аскерлерге азык-түлүк ташып бараткан автомашинелерди токтотуп, аларды өрттөп жиберишкенин, ал эми жүктү коштоп бараткан 12 кишини уурдап кетишкени кабарланды. Чөлкөмдүн акими Жан Мухамад Хан Ооган аскерлери куралдуу кагылышта төрт талипти өлтүргөндүгүн билдирди. Бул кабарларды АКШнын аскердик өкүлдөрү ырастай элек.

XS
SM
MD
LG