Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

ОРУСИЯ МЕНЕН НАТОнун ОРТОСУНДАГЫ ОРЧУНДУУ ПРОБЛЕМАЛАР


Төрөкул Дооров, Москва НАТОнун Стамбулдагы саммити өз ишин жыйынтыктады. Саммиттин биринчи күнүндө Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны өтүп, анда Түндүк атлантикалык альянс менен Орусиянын ортосундагы проблемалар талкууга алынды. Тараптар кайсыл маселелерге токтолушту жана анын жыйынтыгы кандай болот?

Стамбулда өткөн НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны анын катышуучулары арасында карама-каршы ой-пикирлерди жаратты. Орусия менен НАТОнун сүйлөшүүлөрүндө узак убакыттан бери уланып келаткан НАТОнун кеңейиши жана айрым коңшулаш мамлекеттердеги Орусиянын аскерий базаларына тиешелүү машакаттуу суроолор бул жолу да талкуунун негизги өзөгүн түздү. Бирок бул жолу да пикир алмашуу тыңгылыктуу жыйынтык берген жок.

Анткен менен Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер «НАТО менен Орусиянын ортосундагы мамиле «жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан жандуу талкууларды» да көтөрө алчудай күчкө ээ деп эсептейт.

"Орусия НАТО үчүн маанилүү тараптардын бири, - деди башкы катчы. – Ооганстанда жана дүйнөнүн бир катар башка конфликтүү жерлеринде тынчтыкты орнотуу жана коопсуздукту күчөтүү ишинде Орусия жигердүү аракеттенип, салымын кошуп келет".

Ошондой эле Яап де Хооп Схеффер Жер ортолук деңизде альянс өткөрө турган «Жигердүү аракет» операциясына Орусиянын Кара деңиз флотунун үч кемеси катыша тургандыгын да белгиледи. Ошол эле учурда тараптар ортосундагы чечилбей жаткан проблемаларда алар көп учурда орток пикирге келе албай жүрүшкөндүгү да айтылды.

- Албетте, НАТО менен Орусия баардык эле маселелер боюнча макулдашууга келе беришпейт. Орусия альянстын кеңейишине тиешелүү айрым суроолорду көтөрсө, НАТО Орусия мындан беш жыл мурда Грузия менен Молдовадан өзүнүн аскерий күчтөрүн алып кетүү боюнча берген убадасын аткарышын талап кылат.

Өз кезегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк атлантикалык альянстын кеңейиши менен Орусиянын аймагына өтө жакын жерлерде НАТОнун аскерий күчтөрү пайда боло баштагандыгын, бул жагдай орусиялыктар арасында коркунуч туудура баштагандыгын белгиледи.

«Түрдүү капыстыктар техникалык катачылыктардан же аба-ырайынын начардыгынан улам болду» деген шылтоо менен кетирилиши да ажеп эмес. Ошондуктан НАТО менен Орусиянын бири-бирине болгон ишенимин түптөй турган мыйзамдык толуктоолор керек, - деди орусиялык министр. Анын үстүнө, Орусия НАТОго жаңы мүчөлүккө кошулган мамлекеттер «Европадагы жөнөкөй аскерий күчтөр жөнүндөгү» келишимге киришин талап кылат:

- Батыш мамлекеттери бул тууралуу кандай ойдо экендигин мен айта албайм. Бирок биздин пикирибизде, «Европадагы жөнөкөй куралдар тууралуу» келишимди ратификациялоо менен Грузиядагы жана Молдовадагы Орусиянын аскерий базаларынын ишин токтотуу ортосунда эч кандай юридикалык түшүнбөстүк жок, - деди сергей Лавров.

НАТОнун катары жети мамлекеттин ага мүчөлүккө алынуусу менен 29-мартта кеңейген эле. Жаңы мүчөлөрдүн арасында «Европадагы жөнөкөй аскерий күчтөр жөнүндөгү» келишимди кабыл ала элек жумурияттар да бар. Булар: Латвия, Литва, Словения жана Эстония.

Ушул жылдын апрелинде Брюсселде өткөн Орусия-НАТО кеңешинин жыйынында Орусия НАТОнун кеңейүүсүнө каршы экендиги дал ушул фактынын негизинде болуп жаткандыгын билдирген. Андан бери тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр токтогон жок.
XS
SM
MD
LG