Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

ПАРЛАМЕНТТЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООПСУЗДУГУ ТАЛКУУЛАНДЫ


1-июлда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны коопсуздук маселесин талкуулады. Терроризм жана диний экстремизм коркунучу боюнча депутаттарга күч структураларынын жетекчилери маалымат берди.

Коопсуздук маселесин караардан мурун депутаттар өз коллегасы Жаныш Рустанбеков тарабынан сунушталган “Төрт кадам саясаты” аттуу экономикалык программаны талкуулады. Маалыматка караганда, Россия өкүлдөрү менен биргеликте түзүлүп жаткан бул программанын максаты өлкөнүн табыйгый байлыктарын туура пайдалануу. Аны ишке ашыруунун жолун Жаныш Рустанбеков мындайча баяндады:

- Кен байлыктарды туура пайдалануу үчүн аларды инвентаризация жасашыбыз керек. Баарынын эсебин алгандан кийин анын негизинде акция чыгарып, чет өлкөдөн инвестиция тартсак болот.

Анын айтымында, алгачкы эсептөөлөр боюнча Кыргызстандын кен байлыктарынын баасы 22 миллиард долларды түзүүдө. Бул программаны талкуулоо үчүн кыргыз-орус парламенттик комиссиясы 15-20-июнда Кыргызстанда жумушчу жыйын өткөрмөкчү. "Ал эми кыргыз өкмөтүнүн бул программа менен азырынча таанышы жок, эгерде палата программага жол ачса, анда өкмөткө жеткиребиз", деди Жаныш Рустанбеков.

Мына ушундай экономикалык программа менен таанышуудан кийин эл өкүлдөрү күч структураларынын коопсуздук боюнча маалыматын уга баштады. Адегенде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов сүйлөп, азыркы учурда ислам динине жамынган террорчулар коркунуч туудуруп турганын билдирди. Ал ошондой Өзбекстан ислам кыймылы, Чыгыш Түркстан ислам кыймылы жана “Хизб ут-Тахрир” өңдүү диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө токтолду. Аларга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн атайын башкармалык түзүлүп, дагы башка бир катар иш чаралар өткөрүлүп жатканын маалымдады. Мамытов өз сөзүндө бир маалыматты ачыктады:

- Бүгүн сиздердин алдыңыздарда айтсам болот. Өткөн жылы АКШда “ал-Каиданын” бир мүчөсүнүн бети ачылган. Ал кыргыз атуулуна калкаланып, 60 миллион алууга аракет жасаган. Бул акча террорду каржылоого жумшалмак. Биргелешип иштөөнүн натыйжасында ал кишиге айып коюлуп, камакка алынган.

Мамытовдун маалыматы боюнча, өлкөдөгү маанилүү обьектерди толук коргоого алууга каражат жетишпей турат. "Борбордогу базарлардын биринде жүргүзүлгөн текшерүүдө коопсуздук камсыз болбой жатканы аныкталды", деп белгиледи Мамытов.

Ал эми ички иштер министри Бакирдин Субанбеков “Хизб ут-Тахрир” диний уюму коркунучтуу күчкө айланып баратат деп билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга мыйзамсыз келген атуулдарды мекендерине кайтаруу багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.

Өлкөнүн чегара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев чегарада татаал кырдаал сакталып турганын айтып, муну диний экстремизм, антиамерикалык маанайдын күчөшү менен байланыштырды. Анын айтымында, учурдагы негизги проблема чегаранын толук делимитация жана демаркацияланып бүтө электиги жана чегара кызматынын толук кандуу иштеши үчүн каражаттын жетишсиздиги болуп жатат. "Бирок коопсуздукту камсыз кылуу максатында 10-июндан баштап түштүктөгү бардык ашуулар, мерчемдүү жерлер катуу кайтарууга алынды", деп белгиледи Калмурат Садиев.

Маалымат угулгандан кийин чегараны, коопсуздукту бекемдөө багытында суроолор болуп, аларга жооптор берилди. Талкуунун соңунда өлкөдөгү коопсуздук абалы боюнча токтом кабыл алынды. Анда террордук актыларга жол бербөө максатында кошумча чараларды көрүү күч структураларына тапшырылды. Ал эми кызматтар өз кезегинде палатынан тапшырмасы боюнча жасалган иштер тууралуу 1-ноябрда Эл өкүлдөр жыйынына маалымат беришет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG