Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

ЖАШ ТАРЫХЧЫЛАРДЫН ЭСКИ ТАРЫХТЫ ИЗИЛДӨӨСҮНДӨ МАСЕЛЕ АРБЫН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Соңку кездерде Кыргыз тарыхына кызыгуу артып, ар кыл багыттагы изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ага карабай, ХХ кылымга чейинки кыргыз элинин тарыхын изилдеген жаш окумуштуулар аз болууда. Тарыхты изилдеген жаш илимпоздордун дээрлик көпчүлүгү совет доорундагы жана эгемендүүлүк мезгилиндеги окуяларды, тарыхый жараяндарды изилдегиси келет.

Мындай көрүнүш совет доорунда деле болуп, 9–беш жылдыктагы мал чарбасынын, 10-беш жылдыктагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшү сыяктуу темалардын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзгөн тарыхчы окумуштуулар көп кездешчү. Ал учурда ХХ кылымга чейинки кыргыз тарыхын изилдөөнү каалаган идиректүү жаш окумуштууларга жетиштүү шарттар да болгон. Кошумча тил үйрөнүү үчүн Ташкен, Ленинград шаарына жиберилип, атайын даярдыктан өтүп, андан соң Кыргызстандын тарыхы боюнча изилденбей келген байыркы, орто кылымдагы жана жаңы доор боюнча илимий даражага ээ болуп кайтышчу. Ошондой эле ХVШ –ХХ кылымдын башына чейинки мезгилге тиешелүү архивдик документтердин үстүнөн иштөө үчүн жаш окумуштууга жылына 2 жолу Алматы, Ташкен, Москва, Ленинград жана башка шаарларга барып келүүгө атайын каражат бөлүнчү.

Мына ошондой шартта да эмнегедир совет дооруна чейинки мезгилдин тарыхын изилдөөгө саналуу гана жаштар келишчү. Ал эми эгемендүүлүк жылдарында абал түп тамырынан бери өзгөрүп кетпегенин адистер бышыкташат. Анткени акыркы 10 жылдын аралыгында Кыргызстандан сыртка чыгып архивдик документтер менен иштөө үчүн бир да жаш окумуштууга каражат бөлүнбөгөнүн статистикалык маалыматтар ырастайт. Кыргыз тарыхынын орто жана жаңы доорун изилдөөгө жаштар аз тартылып жатканын Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти Дөөлөтбек Сапаралиев булардан көрөт:

-Биринчиден, кыргыз элинин мурунку доордогу тарыхын изилдеш өтө терең даярдыкты талап кылат. Экинчиден, тарыхый булактар көбүнчө араб, орто түрк чагатай, орус тилинде болуп, бул да тилдик даярдыкты талап кылат. Анын үстүнө ошондой тарыхый булактардын көбү Кыргызстандан сыртта жайгашкан архивдерде сакталып келгендиктен, бул да өзүнчө түйшүктү жаратат.

Окумуштуу Дөөлөтбек Сапаралиев ошондой эле жаштардын илимге аз тартылып жатышын учурдагы эмгек акынын төмөндүгүнөн көрөт:

-Жаштарыбыздын илимге келбей жаткан эң негизги себептердин бири бул эмгек акынын төмөндүгү да. Илимге келгенден кийин деле айлыгы 2-3 миң сом болуп атат. Аны менен оокат кылыш кыйын болуп жатпайбы. Ошентсе дагы тарыхка кызыккан балдарыбыз бар. Мен ойлойт элем бул жерден катастрофа болуп атат деп айтууга болбойт.

Жогоруда Дөөлөтбек Сапаралиев белгилегендей ХХ кылымга чейинки кыргыз тарыхын изилдөөнү каалаган, ал мезгилге кызыккан жаштар көп. Бирок алардын кендирин каржы маселеси кыйып жатканын жаш окумуштуулар өздөрү да белгилеп келет. Совет доорундагы жеңил өнөр жайынын тарыхын изилдеп жүргөн жаш окумуштуу Талант Жаналиевге кайрылсак, ал да каражаттын тартыштыгынан улум ушундай теманы тандап алганга аргасыз болгонун айтты:

-ХХ кылымга чейинки мезгилди чагылдырган документтер Кыргызстандагы архивдерде жок. Мен Алматы, Ташкен жана Оруссияга барып изилдегенге каражат жагынан мүмкүнчүлүгүм жок. Ошондуктан ушундай теманы тандап алууга аргасыз болдум, - дейт совет доорундагы жеңил өнөр жайынын тарыхын изилдеп жаткан жаш окумуштуу Талант Жаналиев.

Ошентип улуу муундагы тарыхчылардын “совет доорунда каражат бар эле, бирок тарыхты эркин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген эмес, ал эми азыр эркин изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок каражат жок” деген пикирин эске салуу менен макалабызды жыйынтыктоону туура көрдүк.
XS
SM
MD
LG