Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

КАТАРДЫН СОТУ ОРУСИЯНЫН ЭКИ АТУУЛУН ӨМҮР БОЮ ТҮРМӨГӨ КЕСТИ


Төрөкул Дооров, Москва Катардын соту 30-июндагы өкүмү менен Орусиянын 2 атуулун өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратты. Алар ушул жылдын февраль айында Чеченстандын экс-президенти Зелимхан Яндарбиевди өлтүргөн деп айыпталышкан. Орусиялык тыңчылардын бул кылмышка катыштыгы жок экендигин дагы бир жолу кайталаган ырасмий Москва эми эларалык сотторго кайрылаарын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы бир жолу шаршембиде Катардын соту тарабынан өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген Орусиялык эки атуул Яндарбиевдин өлүмүнө катыштыгы жок экендигин айтты.

«Катар сотунун чечимин урматтоо менен бирге биз өкүмдү кайра кароо боюнча арыз менен кайрылабыз», - деди Сергей Лавров.

Буга чейин Катардын прокуратурасы орусиялык атуулдарга өлүм жазасы колдонулушун талап кылган. Ал эми сот бул талапты орундаткан жок. Адвокат Дмитрий Афанасьев соттун бул чечимине канааттангандыгын билдирет. Ошол эле учурда, орусиялыктарды өмүр бою түрмөгө кесүү боюнча соттун өкүмүнө каршы экендигин айтат:

- Биз-адвокаттар эми Катар мамлекетине аларды Орусияда жазасын өтөө боюнча өтүнүч менен кайрылабыз. Бул чара Улуттар Уюмунун жана бир катар эларалык укуктук нормалардын чегинде ишке ашмакчы.

Зелимхан Яндарбиев 1996-жылы Чеченстандын президенти болуп турган. Ал эми акыркы үч жыл бою Катарда жашап, орус бийлигинин терең ишениминде, чечен сепаратисттерине каражат топтоп жүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 13-февралында ал уулу жана эки күзөтчүсү менен бирге Катардын борбор калаасы Доха шаарындагы мечитке жума намазга жөнөйт. Анын машинесине орнотулган бомба жарылганда Яндарбиев менен эки күзөтчүсү каза табышты. Кылмыштуулуктун деңгээли өтө төмөн мамлекет катарында таанылып келген Катар үчүн бул окуя чоң «саясий жаңжал» катарында кабыл алынды.

Кийинчерээк Яндарбиевди өлтүргөн болушу мүмкүн деген шек менен ал жердеги орусиялык элчиликтин үч кызматкери кармалышат. Анын бирөөсү дипломатиялык кызматкер катарында бошотулгандан кийин, экөөсүнүн үстүнөн сот иши башталды. Ошол кезде Орусиянын тышкы иштер министрлиги колго түшүрүлгөн эки атуул атайын кызматтардын өкүлдөрү экендигин, Катарда алар терроризм боюнча маалымат топтоп жүргөндүктөрүн билдирди.

Андан ары уланган сот ишинин жүрүшү Москвада чоң ынтызар менен, керек болсо, кайсыл бир деңгээлде коркунуч менен да кабыл алынды. Жакында эле Яндарбиевдин аялынын маегин өзүнүн программасында көрсөткөндүгү үчүн орусиялык белгилүү журналист Леонид Парфенов кызматынан бошотулган.

Акыр аягында, 30-июнь күнү катардык сот Ибрагим аль-Нисф «соттолуучу Анатолий Беляшков менен Василий Богачев Москванын буйругун аткарып, чечендердин мурдагы лидери Яндарбиевди өлтүрүшкөн» деген чечимин окуп, аларды Катардагы мыйзамга ылайык, 25-жылга, башкача айтканда, өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө кармоо өкүмүн жарыя кылды.

Муну менен Катар бийлиги Чеченстандын экс-президенти Яндарбиевге орус бийлиги кол салды деп эсептейт. Анткен менен азыр Москва орусиялык тыңчыларды Катардан кантип мекенине алып келүүнүн жолдору талкууланып жатат.

- Орусия ушул тапта эларалык сотторго кайрылса болот. Ал эми экинчи жол - айыпталуучуларды жазасын Орусияда өтөө чечимине жетишүү керек.

Ал эми чеченстандык жикчилердин лидери Аслан Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаев Катар сотунун өкүмүн колдой тургандыгын айтат:

- Биз соттун чечимине толук кошулабыз. Орусиялык тыңчылардын өлүмүн каалап тургандай биз кан ичкич эмеспиз. Дегинкиси, алардын тагдыры бизди ойлонтурбайт деле, анткени акыркы 10 жыл ичинде Чеченстан аркылуу 2,5 миллион ушуларга окшош адам өлтүрүүчүлөр өтүшкөн.
XS
SM
MD
LG