Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Эми ар аптанын бейшемби күнү угузулчу «Дин жана коом» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын мазмуну менен таанышууга чакырабыз. Бүгүнкү сөз Британияда бүйүр кызытып талкууланып жаткан маселе – орто мектепке мусулман кызы паранжы дээрлик тулку-бойду жапкан кийим менен келиши керекпи? деген суроо тууралуу болмокчу. Британ Жогорку соту жакында чечим кабыл алып, мектеп жетекчилиги мусулман кызга окуучунун кийими жаатында жалпыга бирдей эрежесин таңуулай ала тургандыгын тастыктады.

Британияда жалпы билим берүү секулярдык мүнөзү менен айырмаланат. Албетте, өлкөдө католиктердин жана башка айрым дин өкүлдөрүнүн өзүнчө орто мектептери да бар. Бирок аларда да башка динге таандык үй-бүлөлөрдүн балдары таалим ала алат. Маселен, католик мектебине андагы окуу деңгээлинин мыктылыгына кызыгып уулун же кызын берген мусулмандар бул мектепте өз динине каршы акаарат сөздү укпайт.

Жакында Шабина Бегум (Shabina Begum) деген 15 жашар кыз (сүрөттү караңыз) Лондондун чет жакасындагы Лутон шаарчасында өзү окуган мектепти сотко берди. Жогорку сот анын арызын кылдат талкууга алды. Арызда Шабина «жилбаб» деп аталган жана тулку-боюнун колу менен жүзүнөн башка бөлүгүн толук жапкан узун көйнөктү кийип, жоолук салынууга акысы бар экендигин айтып, дал ушундай кийимчен сабакка келүүсүнө тыйуу салган мектеп жетекчилигинин буйругун жокко чыгарууну соттон өтүнгөн. Мектеп тээ 2002-жылдын сентябрында ага жилбабчан сабакка келүүгө тыйуу салган.

Бирок Британиянын Жогорку соту өткөн айда (июнда) бул чоң уу-дуу талкуу туудурган ишти карап, мектеп бул окуучу кыздын диний ишенимине эч залакасын тийгизген жок деп чечти. Соттун пикиринче, кийим тууралуу мектеп кабыл алган эреже ар башка диндеги балдар-кыздардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, ар кыл динге, ар кыл маданиятка сабырдуу мамиле кылуучу коомдун мүчөлөрүн тарбиялоого багытталган.

Соттун чечимин Британиядагы орто мектептер жамаатынын Башкы катчысы Жон Данфорд (John Dunford) кубаттап чыкты:

- Алиги мектеп өзүндө таалим алган окуучулардын баарынан тең жүрүм-турум эрежелерин бирдей аткаргыла деп талап кылууга акылуу. Ошондуктан бул мектептин мындай укугун күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими абдан алгылыктуу болду.

Ал эми Шабинанын адвокаты Ивонна Спенсер (Yvonne Spencer) соттун чечимин сынга алып, баары бир өзү коргогон кыз мектепке барбастыгын айтты. Мектептин адвокаты Икбал Жавид (Iqbal Javed) болсо кызды сабакка кайтууга чакырууда.

Коомчулукта кызуу талаш-тартыш туудурган бул маселеде басма сөздүн да ролу чоң болду. Ал эми Лондондогу дин таануу мектеби аттуу христандык коллеждин өкүлү Питер Ридделлдин (Peter Riddell) оюнча, журналисттер бул талаштын бир гана жаатына өзгөчө көңүл бурушту:

- Бул талаш-тартыш мусулмандардын ичинде да, мусулмандар менен башка диндегилердин ортосунда да кызуу жүрүүдө. Анткени талаш туудурган кийимчен сабакка келген кыздын кийинүү стилин мусулмандардын өздөрүнүн бир далайы анчейин деле зарыл деп санашпайт.

Ридделлдин оюнча, басма сөз бул окуяны мусулмандар менен башка диндегилердин кайым айтышуусу катары гана бир беткей көбүртүп-жабыртып чагылдырууда. Чынында да, салыштыра кетсек, кыргыз жана казак сыяктуу айрым мусулман элдери паранжы тагынуу сыяктуу салттарды мурдатан эле өгөйлөп келишкени маалым.

Лондондогу Араб жана иран таануу чордонунун өкүлү, доктор Али Нуризаде (Ali Noorizade) болсо Британиядагы билим берүү системасы өтө сабырдуу мүнөзү менен айырмаланат деген пикирде. Анын сөзүнө караганда, британдык мусулмандардын басымдуу көпчүлүгү көчөдө деле башкалардай эле кадыресе кийимчен жүрүшөт:

- Алар мусулман болгону менен, исламдык фундаментализмди, Осама бен Ладендин ашынган идеяларын, аялдарды төмөнкү социалдык катмар катары жектеген жана аларга паранжы таңуулаган идеяларды таптакыр четке кагышат. Бирок мусулмандардын бул бөлүгүн угуп койгон эч ким жок. Алардын ой-санаасын маалымат каражаттары, сыналгы менен үналгы жакшылыктуу чагылдырган жок.

Дегиңкиси, мусулмандардын кийими гана эмес, алардын коомдун башка өкүлдөрү менен карым-катнашы, британдык коомдун көп диндүү жана сабырдуу коом катары өнүгүүсүнүн келечеги сыяктуу маселелер да Шабина Бегумдун окуясынын аркасында ого бетер кызуу талкууланууда.
XS
SM
MD
LG