Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

«Байлардан кедейлерге» аттуу кайрымдуулук акциясы өттү


ОШ. Ош шаарындагы 10 аймактык кеңеш, шаар тутумундагы Жапалак айыл өкмөтү Ош шаардык социалдык жактан жардам көрсөтүү бөлүмү менен бирдикте шаар тургундарынын социалдык паспортторун түзүшүп, шаардагы эң жакыр үй-бүлөлөрдү аныктап чыгышкан. Мэриянын жыйындар залында өткөн "Байлардан кедейлерге" аттуу акцияда шаардык стуктурасында мекеме, уюмдар, шаарда жайгашкан ишканалар, жеке ишкерлер ошол жакыр үй-бүлөлөргө көңүлдөрүнөн чыккан жардамдарын көрсөтүштү.
Натыйжада мекеме, уюм, ишканалардын атынан 102 үй-бүлөгө 289 миң сом акча, жеке ишкерлердин атынан 58 үй-бүлөгө 245 миң сом акча таратылды. Берилген акчалар бир жылдык мөөнөттөн соң пайыздык төлөм кошулбай өз өлчөмүндө кайтарылат деп документ түзүлүп коюлду. Бирок акчаларын кийин кайрып алууга кызыккандар аз. Берилген акчалардын туура пайдаланылышына жергиликтүү бийлик структуралары көз салып турууга милдеттенди. Бул иш-чара социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы программасынын алкагында уюштурулду.

XS
SM
MD
LG