Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

Оппозициячыл партиянын өкүлү шайлоо комиссиясына киргизилбей калды


КАРАКОЛ. Ысыккөл областык кеңешинин шайлоо комиссиясына оппозициячыл маанайдагы депутаттын өкүлү кирбей калды. Буга байланыштуу "Асаба" партиясынын Ысыккөл областтык бөлүмүнүн башчысы Канымет Жакыпбектегин БШК башчысына кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, облустук кеңештин сессиясында облустук шайлоо комиссиясынын курамына "Алга, Кыргызстан", "Наша сила" жана "Адилет" саясий партияларынын өкүлдөрү кирди. Ал эми "Асаба" улуттук кайра жаралуу саясий партиясынын облустук бөлүмүнүн облустук шайлоо комиссиясынын курамына кирүү талапкерлиги облустук кеңештин төрагасы Баттал Бозкөрпөев, облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасов тарабынан четке кагылды. "Эгерде мындай болсо анда алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоонун адилеттүү, демократиялуу өтүшүнөн эмитеден эле күмөн саноого болот", - дейт Канимет Жакыпбектегин.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG