Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 01:23

Банк системасын бекемдөө боюнча конференция өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Банк системасына ишенимди жогорулатуу чаралары» аттуу эки күндүк эл аралык конференция башталды. Ага Дүйнөлүк банк баштаган эл аралык жана жергиликтүү банктардын өкүлдөрү, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышып жатышат. Конференцияда банк системасынын иштөөсүнө бекем негиздерди түзүү, ишти натыйжалуу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, жеке менчик банктарды өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Андан тышкары депозиттерди камсыздандыруунун ролу менен кудуретсиздик жөнүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүү көйгөйү да каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG