Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Эл өкүлдөр жыйынынын комитети экономикалык программа иштеп чыкты


БИШКЕК. Кыргызстандын жаратылыш байлыгы жалпысынан 22 миллиард долларга бааланган. Аны туура пайдалануу менен гана Кыргызстандын тышкы карызын төлөп, өлкөнү өнүктүрүүгө болот. Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитети тарабынан иштелип чыккан «Төрт кадам саясаты» экономикалык программасынын башкы мазмуну ушундай.

Аталган программа бүгүн Эл өкүлдөр жыйынын жыйырманчы сессиясында талкууланды. Өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин башчысы Жаныш Рустанбековдун айтымында, аталган программа бир нече баскычта турмушка ашырылат. Адегенде Кыргызстандын кен байлыктары кандай пайдаланылып жаткандыгын эл аралык эксперттердин катышуусунда текшерүү жүргүзүү керек. Андан соң жер алдынан чыгуучу байлыктардын колдонушушун толук бойдон инвентаризациялоо зарыл.

Жогорку Кеңештеги талкуу соңунда өкмөттүн жана президенттин макулдугу менен программаны күзгү сессияга алып чыгуу тууралуу токтом кабыл алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG