Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кумтөрдүн сатылышына каршы


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алган токтомунун натыйжасында өлкө жүздөгөн миллион доллар чыгымга учурды жана эң пайдалуу Кумтөр кенине көзөмөлдүк кылуу укугунан ажырады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте «Кумтөр-Центерра» Кыргызстан үчүн кандай натыйжа берди?» деп аталган талкуунун катышуучулары бир ооздон белгилешти.

Ошондой эле талкуунун катышуучулары Кумтөрдүн алтынын казып алуу үчүн буга чейин алынган кредиттердин 80 пайыздан ашууну төлөнүп, дүйнөлүк базардагы алтындын баасы болуп көрбөгөндөй жогорулаган мезгилде кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөралтын" долбоорун реструктуризациялап, кенди сатышы элдин кызыкчылыгына каршы келээрин белгилешти.

Ал эми депутат Ишенбай Кадырбеков кыргыз өкмөтү Кумтөрду сатууну токтотуу тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомун эске албай жаткандыгын маалымдап, Кыргызстанда бийлик алмашканда гана Кумтөр алтын кенин кайтарып алууга болот деген пикирин ортого салды.

Эске сала кетүүчү нерсе, кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрында «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү токтомго кол койгон. Анын негизинде кыргыз өкмөтү менен «Камеко» «Центерра» атуу компания түзүшкөн. Анын акциясынын 70 пайызы «Комекого», 30 пайызы Кыргызстанга тийешелүү экендиги маалымдалган.

Ал эми шаршемби күнү өкмөт башчы Николай Танаев Кыргызстандын «Центеррадагы» 30 пайыз акциясынын көп бөлүгү сатылгандыгын маалымдады.

Талкуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын демилгеси менен уюштурулду. Анын соңунда өкмөттүн Кумтөрдү сатуу иши боюнча коомдук иликтөө жүргүзүү тууралуу резолюция кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG