Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

АТУУЛДУК КООМДУН ӨКҮЛДӨРҮ ПАРЛАМЕНТТИН КУМТӨР КЕНИ БОЮНЧА ТОКТОМУН КОЛДОШТУ


Атуулдук коомдун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте “Кумтөр алтын” долбоорунун айланасындагы талаш-тартышты талкуулашты. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев уюштурган бул талкуу-форумга депутаттар, саясатчылар, окумуштуулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана Барскоон кырсыгына кабылган айылдардан өкүлдөр катышты.

Форумду өткөрүү демилгеси Канаданын “Камеко” корпорациясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн "Кумтөр алтын" компаниясын «Центерра голд» деп кайра түзүү боюнча жаңы макулдашуусунан улам пайда болду.

Мындай макулдашууга кыргыз өкмөтү өткөн жылдын этегинде кол койгон. Өкмөттүн негиздемесине караганда, бул реструктуризациялоо Кыргызстандын Эл аралык фондулук биржага тең ата катары катышуусуна шарт түзөт жана салабаттуу кирешени кепилдейт.

Бирок Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн мындай кадамын элдин кызыкчылыгына каршы аракет катары баалап, инвестициялык макулдашуудагы өкмөттүн кол тамгасын жокко чыгарууну, реструктуризациялоонун чоо-жайын эл аралык деңгээлде териштирүүнү сунуштап, эки ирет токтом кабыл алган.

«Кумтөр-Центерра Кыргызстан үчүн кандай пайда берет?» деп аталган форум парламенттин бул токтомун толук колдоду. Мындан тышкары "Кумтөр алтын" долбоорун реструктурзициялоого, «Центерра голд» ишканасына байланыштуу эл аралык, улуттук деңгээлде иликтөөлөгө өз салымын кошууга даяр экендигин белгиледи:

- Мисалы, 9 миллион доллар «Кыргызалтынга» берилген, /i>- деди «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова, - Анын пайдасын көрө алган жокпуз. Ысыккөл облусунун экономикалык абалын жакшыртууга кетчү 1 миллион доллар акчанын да дайынын таппай атышат. Ошон үчүн коррупцияга каршы иштейбиз деп аткан демилге жөн гана кагазда болбой, элдин астында ачык жана таза болуш үчүн биз бардык жерде талкуу кылып, өкмөттөн ар кыл деңгээлде талап кылабыз деген чечимге келишти.

Талкууга катышуучулардын көбү өкмөттүн парламент менен акылдашпай, өз алдынча, жашырып чечим кабыл алышы Кумтөргө байланыштуу саясий, социалдык-экономикалык жана экологиялык коопсуздук багыттагы жагдайдын курчушун шарттады деп санашты. Маселен, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикири төмөнкүдөй болду:

- Жөнөкөй жарандардын, кыргыз мамлекетининин жана коомчулуктун кызыкчылыгы экинчи, үчүнчү кезекте турат. Бул Кумтөр долбоору өңдүү Кыргыз мамлекетине зыян келтирген жараяндардын жүрүшүн мажбурлаган башкы саясий иш.

Ал эми Илимдер академиясынын геология институтунун директору Апас Бакировдун пикирине караганда, маалыматтын жетишсиздиги Кумтөргө байланыштуу талаш-тартыштын ырбашынын негизги себепчиси болуп атат:

- Менде тияктын да, бияктын да конкреттүү маалымат жок. Парламентте да, өкмөттө да адистер иштеп атышат. Кайсынысы жакшы – мен биле албай атам. Бирок парламенттин токтомун өкмөт аткарыш керек эле.

Парламент мүчөлөрү болсо өкмөттүн макулдугуна ылайык эми Кумтөр күзгө чейин толугу менен чет өлкөгө сатылып кетеринен шек санашпайт. Ошондуктан коомчулуктун ушул маселеге олуттуу көңүл бурушуна кызыкдар. Маселен, депутат Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

- Акциялар сатылып кетсе Кумтөр толугу менен чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетет. Ошондо Кумтөргө Кыргызстандын тиешеси жок болуп калат. Анысы аз келгенсип 7 чакырым радиустагы карьерлердин бардыгы чет өлкөлөргө өтүп кетип атат. Кыргызстан миллиарддаган долларларды жоготуп атат.

Өкмөттүн демилгеси менен 30-июнда өткөн семинарда премьер-министр Танаев Кыргызстан «Центеррадагы» 30% үлүштүн ичиндеги жөнөкөй акциялардын 16% сатылгандыгын, андан 85 миллион доллар пайда түшкөндүгүн жарыялаган.

"Легендарлуу парламентте" алтын комиссиясын жетектеген мурдагы депутат, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовдун пикиринде, Кыргызстандын негизги байлыгы саналган Кумтөр кенин реструктуризациялоого "Камеко" корпорациясы кен иштетүүнү токтотуу максатында жасоодо:

- Бул - көз боёмочулуктун эң жеткен жери. Долбоор толугу менен чет өлкөлүктөрдүн колуна өтүп кетип атат. Анын үстүнө булардын негизги максаты - кендин оңой, ачык асман алдындагы бөлүгүн иштетүү менен, жер алдындагы 400 тоннага жакын эң оорчулук менен казылуучу бөлүгүн таштап кеткени атат. Булардын негизги максаты - ушул. «Центерре» менен инвестициялык макулдашууну көрдүм. Негизги максаты – жер алдындагы бөлүгүн (Кумтөр кенинин – авт.) иштетпейт.

Мамбетов жаңы макулдашууну мурдагы башкы макулдашууну жокко чыгарган документ катары санайт. Бул пикирди форумга катышкан депутаттар да колдошту, кенди иштетүүдө техникалык-экономикалык негиздеме аткарылбагандыгын белгилешти.

Өкмөттүн Кумтөргө байланышкан аракеттерин мыйзамсыз деп эсептеген депутат Ишенбай Кадырбеков бул маселеге келечекте Эл аралык сот арачы болушу ыктымал экенин белгиледи:

- Жогорку Кеңештин токтомунун зор күчү бар. Эгер 2005-жылы бийлик алмашылып калса, Кыргызстаным деп күйгөн президент келсе, ушундай ишке барган кишилердин бардыгы жоопко тартылат. Дүйнөлүк сотко кайрылып, мыйзамсыз кеткен акцияларды кайра алганга аракет жасашы мүмкүн. Дүйнөлүк сот биз тарапка чечип коюшу ыктымал. Анткени парламенттин чечими дүйнө жүзүндө да бааланат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG