Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

ЮНЕСКО бир катар эстеликтерди асылнарктардын катарына кошту


БЭЭЖИН. Улуттар уюмунун алдындагы ЮНЕСКО дүйнөнүн эң аздектелген асылнарктарынын тизмесине беш табыгый жана үч маданий эстеликти кошту. Табыйгаттан кайталангыс асылнарк болуп эсептелген жерлердин катарына Россиянын Түндүк уюл чөлкөмүндөгү Вранглер аралы да кирди. Вранглер аралы Арктика кырчоосунан өөдөңкү чөлкөмдө ак аюулар менен морждор байырлаган бирден-бир аймак. Тизмеге кошулган табыгый чөлкөмдөрдүн катарында Суматранын чытырман токойлору жана Түштүк Африканын Кэйп Флорал деген жери да бар. Ал эми маданий эстеликтердин тизмесине Корея менен Кытайдын танапташ жайгашкан чөлкөмдөрүнөн орун алган Когыруйо деген байыркы мамлекеттин мурастары, Марокконун Магазан шаары жана Эл Жадида кошулду.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG